• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Өлүм жазасы сунушталды. Кумтөрдөгү соңку жагдайлар суроо жаратты…

7 Аяк оона 2022 18:44 Бишкек Govori.TV

ӨЛҮМ ЖАЗАСЫ СУНУШТАЛДЫ

Кадамжайдагы өспүрүм кыздын зордукталып, анан өлтүрүлүшү коомчулукта катуу талкуу жаратты. Мындан улам зөөкүрлөрдү өлүм жазасына тартуу сунушу айтылууда. Депутат Адахан Мадумаров мындай зөөкүрлүккө барган жарандар «эч качан адам болбойт»,- деген пикирде. Мындай пикирди колдобогон эл экүлдөрү бар. Айрымдарынын айтымында өлүм жазасын киргизүү менен кылмыштуулук азайбаган өлкөлөр бар.

ШЕКТҮҮЛӨР КАМАЛДЫ

Кадамжай райондук соту 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган үч жарандын баш коргоо чарасы карап, эки айга 5-ноябрга чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды. 4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарда, кыздын колу аркасына жип менен байланып, мойнунан жип менен муунтулган абалда табылган. Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалган.

КУМТӨРДӨГҮ СОҢКУ ЖАГДАЙЛАР СУРОО ЖАРАТТЫ

Кумтөр Кыргызстанга өтүп, кенге сырттан башкаруу киргизилген акыркы бир жылда канча көлөмдө алтын өндүрүлүп, ал кайсы өлкөлөргө экспорт болуп жатканы тууралуу кыргыз бийлиги отчет бере элек. Мындан улам айрым саясатчы, жарандык активисттер Кумтөрдүн айланасында маалымат берүүнү талап кылып жатышат.

МУРДАГЫ ДЕПУТАТ СУРАК БЕРДИ

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча суракка чакырылды. Эске салсак, фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («калайман башаламандык») 3-бөлүмүнө («бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») ылайык кылмыш ишин козгогон.

ОШ БАЗАРДА КАРМАЛГАНДАР

Ош базарынын айланасында жүргүзүлгөн рейд учурунда коомдук тартипти бузган 65 жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Рейд Кулиев, Пушкин, Бейшеналиева, Павлов, Рыскулов көчөлөрүндө жана базардын айланасында жүргүзүлүп, кармалган жарандар Ленин районунун милиция бөлүмүнө жеткирилди.
Кармалгандар ичкилик ичип, ызы-чуу салып, коомдук тартипти бузуп келишкен. Айрыкча кечкисин ошол көчөлөрдөн жөө өтүү шаар тургандарына жана мектеп окуучуларына коркунуч болуп келген. Жарандардын толук аты жөнү такталып, эмне кылып жүргөндүгү, туруктуу жашаарга үй-жайы бар же жок экендиги аныкталып, андан ары мыйзамга ылайык тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлөт.

Количество просмотров: 731