• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өлкөдө «ТикТок» жабылат. Мектеп директору ата-энелерди коркутуп акча талап кылууга айыпталууда

30 Баш оона 2023 18:08 Бишкек Govori.TV

КУРУЛТАЙДЫН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Президент Садыр Жапаров 29-августта «Элдик курултай өткөрүү жөнүндө» жарлыкка кол койду. Документке ылайык, келерки курултай ушул жылдын аягына, 15-декабрга белгиленди. Жарлыктын негизинде жер-жерлерден 700 делегатты шайлоо, курултайдын өткөрүү регламентинин долбоорун даярдоо тапшырмасы берилди.
Өткөн аптада Садыр Жапаров былтыркы курултайдын делегаттарынын ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Документке «Элдик Курултай” жөнүндө мыйзамы кабыл алынып, күчүнө киргени себеп болгону жазылган.
Былтыр 25-26-ноябрда Бишкекте өткөн Элдик курултай президенттин “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө” жарлыгынын негизинде өткөн.
Элдик курутай жөнүндө мыйзам долбоорун президент Садыр Жапаров сунуштаган. Аны кароо учурунда Жогорку Кеңештеги сын-пикирлерден кийин долбоорду кайра иштеп чыгуу үчүн депутаттардын жумуш тобу түзүлгөн. Иштелип чыккан ыйзамга президент 24-июлда кол койгон.

КЫРГЫЗСТАНДА ИЧКИ ОРГАН АЛМАШТЫРУУ ОПЕРАЦИЯСЫ ЖАСАЛДЫ

Кыргызстанда биринчи жолу ички органдарды трансплантациялоо боюнча операция ийгиликтүү жасалды. Бул операция Кыргыз-түрк достугу ооруканасында жасалганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 30-августта Фейсбукка жазды.

Президент Садыр Жапаров бул ооруканага барып, операция болгон жарандардан кабар алып, бейтапкананын шарты менен таанышты. Ал мындан ары кымбат баалуу операцияларды жасатуу үчүн чет өлкөлөргө баруунун кажети болбой турганын белгиледи.

Оорукананын жетекчилиги мындай операциялар жасала баштаганын, бул үчүн кесипкөй дарыгерлер тартылып, заманбап медициналык жабдуулар алынганын билдирген. Түркиядан келген 140 дарыгер бул ооруканада эки-үч жыл иштеп, жергиликтүү дарыгерлерди үйрөтүшөт. Кийин жергиликтүү дарыгерлер бул операцияларды өздөрү жасай башташат.

“Мамлекет башчысы кошумча медициналык имараттарды куруу жана көбүрөөк сандагы бейтаптарды кабыл алуу үчүн бул медициналык мекеме жайгашкан жердин аянтын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну тапшырды”, — деп айтылат маалыматта.

МИГРАЦИЯГА ЧЕЙИНКИ ДАЯРДОО БОРБОРУ АЧЫЛАТ

Кыргызстанда айрым кесиптик окуу жайларда Миграцияга чейин даярдоо жана окутуу борборлору ачылат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.Министр Кудайберген Базарбаев Билим берүү жана илим министрлигинин жана кесиптик окуу жайлардын башчылары менен жолугуп, борборлорду уюштурууну талкуулады.

Маалыматка ылайык, Кыргызстанда жалпысынан мигранттарды даярдаган он борбор ачылат.

«Жолугушууда бул борборлордо кадрларды окутуу, кайра окутуу, квалификациясын жогорулатуу иштери жүрөрү айтылды. Анда жумушсуз жарандарга, калктын аялуу катмарынын өкүлдөрүнө, жашоо-турмуштан кыйналып жүргөн жарандарга кыска мөөнөттүк курстар уюштурулат»,-деп жазылган маалыматта.

МИНИСТРЛИК “TИКТОКТУ» ЖАБУУДА

Кыргызстандын аймагында TikTok кызматын жайылтуу ишин токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады. Министрлик өз маалыматында бир катар бейөкмөт уюмдардан TikTok социалдык тармагынын «балдардын психикалык өнүгүүсүнө жана ден соолугуна тийгизген терс жана зыяндуу таасирине байланыштуу тынчсызданган кайрылуулары» көбөйгөнүн айткан.

Ошондой эле маалыматта, «балдардын жаңы калыптанып келе жаткан психикасы али туруктуу эместигин, мындай контент көз карандылыкты жаратып, өсүп келе жаткан муундун эмоционалдык абалына терс таасирин тийгизери» жазылган.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары TikTok тиркемеси жаш балдарга, өсүп келе жаткан муунга, улуттук идеологияга терс таасир тийгизип жатат деген пикирлерин билдирип, Маданият министрлиги Тик-Токту көзөмөлгө алышы керектигин айтышкан.

Ал эми президент Садыр Жапаров 14-августта балдардын маалымат коопсуздугу жаатындагы бир катар мыйзамдарга (Укук бузуулар кодекси, «Кыргызстандагы балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө” жана “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамга кол койгон.

Ага ылайык, документтер “балдардын маалымат коопсуздугу”, “балдардын ден соолугуна же өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалымат”, “маалымат продукциясы”, “балдар үчүн маалымат продукциясы” деген түшүнүктөр менен толукталган. Ошондой эле жашы жете элек балдардын өнүгүүсүнө зыян келтириши мүмкүн болгон берүүлөрдү, маалыматтарды чектөө, таратууну тыюу талаптары жазылды. Андан сырткары балдарга зыян делген маалыматтардын тизмеси берилген.

МЕКТЕПКЕ КАБЫЛ АЛУУДАГЫ КОРРУПЦИЯ

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Бишкек шаарындагы мектептерге балдарды 1-класска киргизүүдөгү коррупциялык схема аныкталып, эки адам камалганын билдирди. Анда Ленин райондук билим берүү башкармалыгынын башкы адиси менен дагы бир жаран тымызын келишип алып, балдарын мектепке жаңы киргизип жаткан ата-энелерден акча чогултуп алып жүргөнүн кабарлады.
«Козголгон кылмыш ишинин алкагында жаран ортомчулук кылып, баланы 1-класска киргизүү үчүн 20 миң сом алып жатканда кармалды. Коррупциялык схема уюштурууга шектүүлөр күнөөсүн мойнуна алып, дагы башка фактылар, ага тиешеси бар адамдар тууралуу да маалымат беришкен. Кармалгандар атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,- деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында УКМК Бишкектеги мектептердин биринин директору пара алып жатканда кармалганын билдирген. Ал балдарын 1-класска киргизген ата-энелерден акча жыйнаган коррупциялык схема түзүп алганын маалымдаган.
«УКМК бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси («опузалап пара талап кылуу») менен кылмыш ишин козгоп, мектеп директорун тергөө абагына киргизди. Ал баюу максатын көздөп, билим берүү тармагынын башка кызматкерлери менен келишип алып, балдарды 1-класска кабыл алууда коррупциялык схема уюштуруп алган. Натыйжада баласын мектепке жаңы берген ата-энелерден опузалап акча талап кылган, эгер баш тартса, баланы мектепке киргизбесин айтып коркуткан»,- деп жазылган УКМК тараткан маалыматта.
Билим берүү жана илим министрлиги жана шаардык мэрия бул фактыларга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Количество просмотров: 219