• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланабы? Мекенине келе албай бөтөн жерде калган кыргыздардын ыйы

20 Жалган куран 2020 19:50 Бишкек Govori.TV

ДАГЫ 3 АДАМДА КОРОНАВИРУС АНЫКТАЛДЫ
Бүгүн, 20-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы үч жаӊы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев брифинг учурунда билдирди.

ӨЛКӨДӨ ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛ ЖАРЫЯЛАНАБЫ?
Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылдагы өкмөттүн иши үчүн отчёт берип жатып, кырдаалга байланыштуу өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалады.

МЕКЕНИНЕ КЕЛЕ АЛБАЙ КАЛГАН КЫРГЫЗДАР
Чек ара жабык турганына байланыштуу Египеттин Шарм-Эль-Шейх шаарында калган жарандар бийликке кайрылуу жасашты.

АКШ доллары 85сомду чапчыды Дүйнөдө тарап жаткан коронавирус жана нефтинин баасынын арзандашы доллардын наркынын кескин түрдө жогорулашына алып келди. Мындай пикирин Улуттук банктын төрагасы билдирди. Белгилей кетсек, 19-мартта түштөн кийин 1 АКШ доллары 85сомду чапчыды.

ЭСЕПКЕ 2 МЛН. 200 МИҢ СОМ ТҮШТҮ
20-март күнү Финансы министрлиги өкмөттүн буйругуна ылайык, коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу иш-чараларына акча каражатын которуш үчүн атайын эсеп ачкан. 20-мартка карата аталган эсепке 2 млн. 200 миң сом түштү.

Количество просмотров: 670