• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өлкөгө өзбек өкмөт башчысы келди. Министр Текебаев агынан жарылды

15 Баш оона 2023 18:03 Бишкек Govori.TV

ӨЗБЕК ӨКМӨТ БАШЧЫСЫ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛДИ

Бүгүн, 15-августта, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Өзбекстандын премьер-министрин “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды. Белгилей кетсек, Абдулла Арипов Кыргызстанга 16-августта Чолпон-Ата шаарында өтө турган Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы өкмөттөр аралык эки тараптуу кызматташуу боюнча биргелешкен комиссиясынын 10-жыйынына катышуу үчүн келди.

МИНИСТР ЖОЛЧУЛАРДЫ УРУШТУ

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө жол оңдоп жаткан жолчуларды урушту. Бул тууралуу видео министрдин Фейсбук баракчасына жарыяланды. Ал курулуш ишинин кечеңдеп жатканына нааразы болгон. Кошумчалай кетсек, аталган унаа жолдун 71 чакырымынан 141,6 чакырымына чейин «Арек Строй» компаниясы куруп жаткан.

КЫЛМЫШКА ШЕКТЕЛГЕН ӨСПҮРҮМДҮН ЖАКЫНДАРЫ ЭМНЕГЕ НААРАЗЫ?

Кадамжайда 14 жаштагы кызды зордуктап өлтүргөн деп айыпталгандардын бири Элдияр Бактияр уулунун жакындары Өкмөт үйүнүн алдына чогулушту. Алар бийлик өкүлдөрү менен жолугуу үчүн атайын Бишкекке келишкенин айтышты. Эске салсак, өткөн жылдын сентябрь айында 14 жаштагы кыздын сөөгү Ош – Раззаков автожолунун боюндагы тоннелден табылган. Кылмышка шектүү катары 24, 25, 27 жаштагы кадамжайлык үч тургун жана бир өспүрүм кармалган. Ошол эле жылдын декабрь айында Оштун тергөө абагында отургандардын экөө өз жанын өзү кыйган.
Кылмыш жасалган учурда 11-класстын окуучусу болгон Элдияр Бактияр уулун Кадамжай райондук соту быйыл 7-февралда он жылга эркинен ажыраткан. Иш бүгүнкү күндө облустук сотто каралууда. Элдиярдын жакындары судья далилдерге көңүл бурбай жатканын айтып чыгышты.
Төртүнчү шектүүнү 28-февралда ошол эле сот өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кескен. Бул өкүмдү облустук сот кийин өзгөртүүсүз калтырган. Ишти президент Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алган.
Ал эми маркум кыздын апасы апасы Жумагүл Нурбаева тараптар соттук отурумду атайын создуктуруп жатканын айтып чыккан. Ал ишти аягына чейин көзөмөлгө алууну суранып, кайрадан президентке жана башкы прокурорго кайрылуу жасаган болчу.

АЯЛДЫН ӨЛҮМҮНӨ ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 67 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. 13-август күнү Каракол шаардык милициясына бир аял өз үйүндө киши колдуу болгону тууралуу “Тез жардам” кызматынан кабар түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөө тобу каза болгон аялга бычак сайылганын аныктаган. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары Ак-Суу районунун 59 жаштагы тургуну кармалды. Ал алдын ала сурак учурунда күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Шектүү жаран Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

АТКЕЗЧИЛИККЕ БӨГӨТ КОЮЛДУ

Баткен облусунда мыйзамсыз ташылып бара жаткан күрүч аткезчилигине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 4-августунда Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл аймагындагы чек ара тилкесинде 1992-жылы туулган А.А. аттуу Кыргызстандын жаранынын башкаруусундагы унаа кармалды. Көрсөтүлгөн унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк коңшу өлкөдөн Кыргыз Республикасына алып келинген, салмагы болжол менен 2000 кг болгон 80 кап күрүч табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 450 миң сомдон жогору бааны түзөт. Товарлар бажылык тариздөөдөн өткөнүн тастыктаган эч кандай документтери жок ташылып келинген. Учурда бул иштин алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 103