• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Күндүн ыргагы: Маданият министрлигине айыппул салынды. Аксакалды сабаган жигит табыла элек

24 Баш оона 2020 19:06 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

24-августта Бишкекте коронавирус илдети аныкталган бир адам каза болду. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1057 адамга жетти. Акыркы суткада ооруну жеңген 218 адам ооруканадан чыкты. Жалпы пандемия башталгандан берки убакта бул оорудан 36 615 адам айыкты. Коронавируска жана пневмонияга чалдыккан 103 адам жаңы катталды. Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус илдетин жугузгандардын жалпы саны 43 126 адамга жетти.

ЖАЛГАН МААЛЫМАТ ТАРАТКАНДАР ЖАЗАЛАНАТ

Социалдык тармактарда тарап жаткан “түнкүсүн учактар менен дары чачып, андан балдар ооруйт” деген аудио жалган жана бул билдирүү боюнча тиешелүү ыкчам аракеттер башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Милиция жалган маалымат тараткандар Жазык кодексинин 344-беренеси (“Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган маалымат таратуу”) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертип, мыйзам билбегендик жоопкерчиликтен бошотпоорун белгилейт.

КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ ЖЫЛДЫ

Бүгүн, 24-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда былтыр 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча кылмыш ишин кароо уланды.Бул иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 адам айыпталууда. Бирок белгисиз бир себептерден улам Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы бүгүн айыпталуучуларды сотко алып келген жок. Мындан улам соттук отурум 26-августка жылдырылды.

МАДАНИЯТ МИНИСТРЛИГИНЕ АЙЫППУЛ САЛЫНДЫ

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине Кычан Жакыпов атындагы сейил бакта тазалыкты сактабагандыгы үчүн айыппул салынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти. Мэриядан билдиришкендей, министрликке сейил бакты тазалоо боюнча берилген эскертүүнү аткарбагандыгы үчүн протокол толтурулган.

ДЕПУТАТ ЖАМАЛДИНОВ МАНДАТЫН ТАПШЫРДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун ыйгарым укуктарын өзүнүн жазган арызынын негизинде токтотту. Жамалдинов мындай чечимин күзүндө өтчү парламенттик шайлоого байланыштырган. Ал Жогорку Кеңешке шайлоого «Бүтүн Кыргызстан» партиясы менен баратат.

АКСАКАЛДЫ САБАГАН ЖИГИТ ТАБЫЛА ЭЛЕК
80 жаштагы аксакалды сабаган жаш жигит азыр изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИББинин басма сөз кызматы билдирди. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде аксакалды себепсиз урган жаран Кара-Суу шаарынын 1984-жылы туулган тургуну аныкталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө алынган маалымат боюнча шектүү дудук экендиги жана бүгүнкү күндө Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон.

Количество просмотров: 353