• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мадумаров агынан жарылды. Шакиев наам алды

22 Бештин айы 2022 19:29 Бишкек Govori.TV

ДЕПУТАТТАР ӨЛКӨ БЮДЖЕТИН КАБЫЛ АЛЫШТЫ

Бүгүн, 22-декабрда «Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Жыйында депутат Мирлан Самыйкожо Маданият маалымат жана спорт министринин келүүсүн талап кылса, депутат Айбек Осмонов министрлер кабинетинин мүчөлөрүн тойго келгендей келишиптир деп сынга алды. Бул суроого өкмөт өкүлү Алмасбек Абытов буга чейинки тиешелүү комитеттин жыйынында бардык мүчөлөр катышканын эске салып, бул чоң жыйынга азыраак келгиле деген талап болгонун билдирсе, депутаттардын бир катар сындарына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жооп берди. Буга чейин финансы министри Алмаз Бакетаев консолидацияланган бюджет тууралуу Жогорку Кеңеште маалымат берип, 2023-жылы бюджет 503 млрд. 400 млн. сом болот деп болжолдонуп жатканын билдирген. Министрдин айтымында, анын 66% салыктык жана салыктык эмес каражат түзөт.

“2022-жылга салыштырмалуу 99,2 млрд. сомго көбөйөт деп пландалууда. Андан тышкары Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун (ФОМС) кирешелери 56,4 млрд. сом да бар. Анын ичинен Социалдык фонддун кирешеси 54,9 млрд. сом”, -деп билдирген ал.

ЖАПЫРТ КАРМАЛГАНДАРДЫН ИШИ

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров бүгүнкү жалпы жыйында өлкөнүн Баш мыйзамынын, адам укуктарынын, конституциялык мыйзамдардын сакталышы боюнча абалды изилдөө үчүн комиссия түзүү сунуштады. Депутат парламенттин жалпы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери комиссия “тез арада” түзүлүшү зарылдыгын, ага мүчө болуп “ар бир фракциядан коркпой туруп өз пикирин айта турган азаматтар кириши керектигин” белгиледи.
Адахан Мадумаров өз сөзүндө Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалгандардын иши боюнча айтып, абакка алынган активисттердин абалы начарлап жатса дагы көңүл бурулбай жаткандыгын сындады. Ал арада Бишкекте башаламандык уюштурууга даярдык беренеси менен кармалган саясатчылардын, активисттердин тарапташтары жана жакындары чогулуп, мыйзамдар одоно бузулуп жатканын айтышты. Белгилей кетсек, октябрда 30дай саясатчы, блогер жана активисттер жапырт камакка алынган. Аларды Биринчи май соту 2023-жылдын февраль айына чейин камакта калтырган.

Ал эми президент Садыр Жапаров 17-декабрда «Кабар» маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси боюнча абакта жаткандар тууралуу да суроого жооп берип, “Кемпир-Абад боюнча маселе биздин пайдабызга чечилип жатканын менден жакшы билишкен. Бирок төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба алышпай, ушул Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен», — деп билдирген. Ошондой эле Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеген ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.
Бишкектин №1 тергөө абагында отургандардын 20дайы бир жумадан ашык убакыттан бери саясий ачкачылык кармап жатат. Ал эми бүгүн 22-декабрда камактагы саясатчы Азимбек Бекназаров менен саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматов ачкачылыкты токтоткондугун акыйкатчы кабарлады.

ИЮНЬ ОКУЯСЫ: СОТ ЖЫЛДЫ

Бүгүн, 22-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Июнь окуясы боюнча иш каралып, кийинки отурум 29-декабарь саат 14:00гө белгиленди.
Июнь окуясы боюнча кылмыш ишинде мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган. Азыркы тапта башка кылмыш иши менен камакта отурган Дүйшөбаев жана Асанов ачкачылык жарыялап, абалы начарлагандыктан отурумга келишкен жок. Алар сотко расмий кат жолдошкон. Процесске айыпталуучулардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана анын жактоочулары да катышкан жок. Башка айыпталуучулар Атамбаевдин сотко алып келинишин талап кылышкан болчу. Ошондой эле Президент Садыр Жапаров, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, депутат Талант Мамытов жана саясатчы Ахматбек Келдибеков июнь окуясы боюнча соттук отурумга күбө катары чакырылган. Бул айыпталып жаткан УКМКнын мурунку жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин арызы боюнча жасалган. Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Кылмыш ишине байланыштуу быйыл 20дай саясатчы сурак берген.

ШАКИЕВ НААМ АЛДЫ

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге «Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ардактуу профессору» наамы ыйгарылды. Бул тууралуу парламенттен кабарлашты. 22-декабрда Ишеналы Арабаевдин 140 жылдык маарекесине арналган илмий конференция өттү. Анын алкагында Нурланбек Шакиевге “Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ардактуу профессору” наамы ыйгарылды.

АДАМ ӨМҮРҮ КЫЙЫЛДЫ

Ошто бензин ташыган 3 вагон оодарылып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка караганда, 21-декабрда Ош шаарына жанаша жайгашкан Нариман айыл аймагындагы «Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борборунун» мунай базасына жакын жайгашкан темир жол станциясында күйүүчү май (бензин) куюлган 3 цистерна (вагон) темир жол каттамынан чыгып, оодарылып кеткен. Жеринде өрт коопсуздугун көзөмөлгө алуу иштери аткарылууда.

Количество просмотров: 1905