• Шейшемби 19 Жалган куран 2024
  • Вторник 19 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Мадумаров Жапаровго кайрылды. Кытай карызды төлөөнүн мөөнөтүн узартабы?

25 Жетинин айы 2020 18:07 Бишкек Govori.TV

КЫТАЙ КАРЫЗДЫ ТӨЛӨӨНҮН МӨӨНӨТҮН УЗАРТАБЫ?

Кыргызстан алты өлкө менен карызды төлөө убактысын узартуу тууралуу макулдашты. Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт башчынын милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков айтты. Анын айтымына караганда, Кыргызстан Кытайга карыз төлөө убактысын 4 жылга узартууну сунуштаган.

МАДУМАРОВ ЖАПАРОВГО КАЙРЫЛДЫ

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров 25-ноябрда кызматынан убактылуу четтеген өкмөт башчы, президенттикке талапкерлигин койгон Садыр Жапаровго жана Борбордук шайлоо комиссиясына кайрылуу жиберди. «Орусияда кыргызстандыктар менен жолугушуусунда үгүт иштерин жүргүзгөн» деген шылтоо менен мени президенттик жарыштан алып салуу аракетиңизди мен сиздин өзүңүзгө ишенбегениңиз деп түшүндүм. Мындай жол менен сиз мыкты атаандаштарыңыздан арылууга аракет кылып жатасыз», деп жазылган кайрылууда.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 25-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, бирөө Талас облусунун, дагы бирөө Баткен облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1245 адамга жетти. Оору жуккандардын жалпы саны 70 744 кишиге жетти.

КИНОТЕАТРЛАР АЧЫЛАТ

Бишкекте 1-декабрдан тарта кинотеатрлар ачылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кабарлады. Анын айтымында, сунуш Республикалык штабга берилгенден кийин алар уруксат кылган. Белгилей кетсек, буга чейин Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков өлкөдөгү кинотеатрлардын ишин жандандырууну сунуштаган. Кинотеатрлар 2020-жылдын 17-мартында пандемияга байланыштуу жабылган.

КОЙ-ТАШ ОКУЯСЫ: СОТ ЖЫЛДЫ

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча соттук отурум болду. Сотто Азирет Медеров төрагалык кылды. Отурумга ооруп калгандыгына байланыштуу Карыпбек уулу жана кан басымы түшүп кеткендиктен Атамбаев алынып келген жок. Ага байланыштуу отурум 27-ноябрга жылдырылды.

ӨРТТӨЛГӨН ПРОКУРАТУРАНЫН ОРДУНА ЭМНЕ БОЛОТ?

Башкы прокуратуранын мурдагы имаратынын ордуна Бишкек шаардык кеңеши жана баш калаанын кээ бир муниципалдык кызматтары жайгаша турган жети кабат имарат салынат. Бул тууралуу 25-ноябрда мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирди.

ЖУРНАЛИСТ ЖОЛДОШБЕК БУЗУРМАНКУЛОВ ДҮЙНӨ САЛДЫ

Акын, журналист Жолдошбек Бузурманкулов 74 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумдун жакындарынын айтымында ал акыркы күндөрү ооруканада, жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Жолдошбек Бузурманкулов 1946-жылы Талас облусунда туулган. Эмгек жолунун 33 жылын милицияга арнаган. ИИМдин басма сөз кызматында иштеп жүрүп, 2005-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Количество просмотров: 9497