• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мадумаровдун иши боюнча 34 күбө суралды. Базар ээсинин үйүнөн курал-жарактар табылды

6 Бирдин айы 2024 17:56 Бишкек Govori.TV

МАДУМАРОВДУН ИШИНДЕ КҮБӨЛӨР СУРАЛУУДА

Бүгүн, 6-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровдун ишин кароо уланды.

Ишти караган судья Мирбек Сатарбек уулу. Соттук процесске ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Маалым болгондой, бүгүнкү отурумга күбө катары Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Токон Мамытов, Баткен облусунун мурдагы губернатору Мамат Айбалаевдер көрсөтмө берүү үчүн келген.

Эске салсак, Мадумаров өткөн жылдын 2-сентябрында кармалып, менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына 24-октябрга чейин камалган.

Ага кыргыз-тажик чек арасындагы тилке боюнча 2009-жылы протоколго кол койгону үчүн “Мамлекеттик чыккынчылык” деген берене менен айып тагылган.

Мадумаров 26-октябрда эртең менен УКМКнын тергөө абагынан Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, кийин кайра абакка которулган.

ЖМК МЫЙЗАМЫ КОМИТЕТТЕ КАРАЛГАН ЖОК

6-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу мыйзам долбоорун күн тартибинен алып салды.

Жыйында депутат Жанар Акаев Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун чийки экенин айтып, сындады жана күн тартибинен алууну сунуш кылды.

Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзам долбоору 30-январда парламенттин дароо эки комитетинин колдоосуна ээ болду.

Аны дагы төрт комитет карап, жактырса гана палатага чыгарылат.

Документ кабыл алынса, бардык ЖМКлар кайра каттоодон өтүп, каржы булагын көрсөтүшү керек болот. Бул журналисттердин эркиндигин чектейт деген чочулоолор айтылууда.

24.KGНИН АРЫЗЫ СОТТО КАРАЛДЫ

Бүгүн, 6-февралда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 24.kg маалымат агенттигинин тергөөчүнүн аракетине каршы арызы каралды.

Отурумга ЖМК өкүлдөрү киргизилген жок.

Атайын кызмат 15-январда 24.kg агенттигинин кеңсесинде тинтүү жүргүзүп, мөөр басып кеткен. Кылмыш иштин алкагында кеңседеги компьютерлер, ноутбуктар, электрондук каражаттар жана кылмыш иши үчүн маанилүү делген башка буюмдар алынганы кабарланган.

24.kg маалымат агенттигинин директору Асел Оторбаева жана сайттын редакторлору Махинур Ниязова менен Антон Лымарь 15-январда УКМКга сурак беришкен. Алар Кылмыш-жаза кодексинин “Согушту пропагандалоо” беренеси менен козголгон кылмыш ишинде күбө катары суралганын, маалыматтарды ачыкка чыгарбоо катына кол коюп бергенин айтышкан.

Кийин Оторбаева редакциянын кеңсесин ачып, мүлкүн камактан чыгарып, кайтарып берүү өтүнүчү менен УКМКга кайрылган. Бирок канааттандырылган эмес.

БАЗАР ЭЭСИНИН ҮЙҮНӨН КУРАЛДАР ТАБЫЛДЫ

Кочкор районундагы «Болот» кийим-кече базарынын кожоюнунун үйүнөн мыйзамсыз сакталган курал-жарак, ок-дары табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Ушул жылдын январь айында сатуучуларга түзүлгөн шарттарды текшерүү чараларынын алкагында айтылган базардан алдамчылык фактылары табылган.

Базардын кожоюну сатып алуу-сатуу келишимин түзбөй туруп, 40 тонналык контейнердин төрттөн бирин соодагерлерге 70 миң сомдон 130 миң сомго чейин саткан. А бирок сатуу келишими бар экенине карабай, ар кандай шылтоолор менен соодагерлерден ижара акы алууну уланта берген.

Андан тышкары контейнерлер бош туруп калган учурда да ижара акы өндүрүп алып турган. Андан кийин ар кандай шылтоолор менен соода күркөлөрдү тартып алып, өзүм билемдик менен башкаларга сатып же ижарага берип келген. Сатуучулар даттанууларына орой, коркутуп-үркүткөн жоопторду алышкан.

Фактылар боюнча базардын кожоюнуна Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, 2-февралда  үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүүдө мыйзамсыз сакталган МП-155 үлгүсүндөгү мылтык жана анын октору, Калашников автоматы жана ок-дарысы, ИИМдин кызматкери экенин билдирген 2 күбөлүк, Кочкор айылдык кеңешинин депутаты экенин билдирген 1 күбөлүк, ИИМде катталган «Тойота Ленд Крузер» унаасынын жана базардын документтери табылган.

Учурда бул боюнча тергөө жүрүп жатканы айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 174