• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мадумаровдун ишин караган комиссия жыйын курду. “Вебкам” уюштурган Ажиев Өзбекстандан кармалды

5 Кулжа 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

КАТАР ЭМИРИ БИШКЕККЕ КЕЛЕТ

Катар Мамлекетинин эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани ушул жылдын 6-7-июнунда мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

«Белгилей кетсек, бул араб мамлекетинин башчысынын Кыргызстанга биринчи жолу келиши. Сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Катар Мамлекетинин эмири менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын учурдагы маселелерин, ошондой эле аны мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат. Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылууда», — деп билдирди Муратбек Азымбакиев.

Ал эми Ички иштер министрлиги бул күндөрү милиция күчөтүлгөн тартипте иштерин, коомдук коопсуздукту камсыздоого үч миңдей кызматкер тартыларын кабарлады. Ошондой эле айрым жолдор маал-маалы менен жабылып турарын эскертти.

МАДУМАРОВ БОЮНЧА ТҮЗҮЛГӨН КОМИССИЯ ЖЫЙЫН КУРДУ

Депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссияга жетекчи болуп депутат Динара Ашимова шайланды.

Белгилей кетсек, комиссия бүгүн, 5-июнда алгачкы отурумга чогулган. Ал эми кийинки жыйын шаршемби күнгө пландаштырылган.

Эске салсак, 31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуштама түшкөнүн билдирген.

Эске салсак, Башкы прокуратура буга чейин да  Адахан Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен уруксат сураган. Мадумаров 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Анда түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, парламент колдогон. 

АБА БУЛГАГАН ИШКАНАЛАРДЫ ТЕКШЕРҮҮ

Бүгүн, 5-июнда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоору каралды. Анда документтин авторлорунун бири Марлен Маматалиев жылуулук берилген маалда гана аба булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү жобосу сунушталганын билдирди.

Ошондой эле жыйында өкмөт өлкөнүн өнүктүрүү программасына каршы келет деген жүйө менен бул сунушка терс корутунду бергени маалым болду. Мындан улам бир катар депутаттар аны сынга алышты.

Депутат Балбак Түлөбаев да өз пикирин билдирип, мыйзам долбоору өкмөттүн суранычынан улам сунушталып жатканын белгилеп, каршы пикирдин айтылышын туура эмес деп атады.

Белгилей кетсек, соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет. Экология министрлиги Бишкекте абанын булганышына алып келип жаткан себептер тууралуу маалымат берип, биринчи себеби Жылуулук электр борбору, экинчиси – Бишкектин тегерегинде башаламандык менин салынган курулуштар, үчүнчүсү – машинелер экенин билдирген.

АБАКТАН КАЧКАН ШЕКТҮҮ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Ички иштер министрлиги 5-июнга караган түндө, саат 1ден өткөндө Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен адам тууралуу маалымат берди.

Анда 1994-жылы туулган Кушубек Сабыровго издөө жарыяланганы, ага «адам өлтүрүү» өңдүү бир катар оор беренелер менен кылмыш иши козголгону, мурда соттолгону айтылат.

«Ал Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо), 207-беренеси (каракчылык), 169-беренеси (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 122-беренеси (адам өлтүрүү) менен айыпталып, кылмыш иши соттун карамагына 30-майда күнү өткөн. Издөөдө жүргөн жаран Балыкчы шаарында туулган, улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, мурда соттолгон. Кылмышка шектүү саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып нөөмөткер-милиция кызматкерлерине кайрылып, жардам сураган. Милициянын сержанты кармоочу жайдын камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген. Ошол маалда Сабыров жүрөгү ооруганын, дары берүүнү өтүнгөн. Милиция кызматкери дары алып келген учурда Сабыров ага бычак такап, колуна кишен салып, бутун байлап, оозун таңып качып кеткен»,-деп жазылган ИИМ тараткан маалыматта.

Учурда кылмыш иши козголуп, аны издөө уланып жатат.

УКМК АЖИЕВДИ КАРМАДЫ

Вебкам студия уюштурууга шектүү катары Даниэль Ажиев баштаган транс улуттук топ кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Э.А. аттуу жарандын акча талап кылуу фактысы боюнча кайрылган арызынын негизинде иш козголгон.

«Э.А. аттуу жаран аталган “веб-кам” студияларынын оператору болуп туруп, эмгек тартибин бузгандыгы үчүн администратору тарабынан психологиялык басымга кабылып, ал тарабынан физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен арыздануучудан 2000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы аныкталган. Бул маалыматтар Ажиевге таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда акчалай сыйлыкка интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүү боюнча иштерди уюштуруу үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон. Белгиленген топтун мүчөлөрү “моделдер” делген кыздарды тартууну уюштурушкан», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, кызматкерлердин жалпы саны болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамды түзөт.

«Кылмыш ишинин алкагында мыйзамсыз аракеттердин бетин ачкан буюм далилдери алынып, бул топтун үч активдүү мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Ажиев өзү Кылмыш-жаза жоопкерчилигинен качуу максатында 31-майда Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен Өзбекстан Республикасынын аймагынан кармалган.   4-июнунда ал  кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Кыргыз Республикасына өткөрүлүп берилди», — деп кошумчалашты мекемеден.

Эске салсак, Даниел Ажиев 2020-жылы улуттар аралык кастыкты козуткан деп айыпталып кармалган. Тергөө маалында Ажиевдин психикалык саламаттыгын соттук-психиатриялык экспертизадан өткөрүүнү талап кылынып, экспертиза «Ажиев психикалык жактан дарыланууга муктаж» деген корутунду чыгарган. Ажиевге карата козголгон кылмыш иши токтотулган.

Количество просмотров: 246