• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Майлуу-Суудагы чыгым 44 миллионго чукулдады. Баласын токмоктогон энеге иш козголду

30 Үчтүн айы 2023 18:05 Бишкек Govori.TV

КЕМПИР-АБАДДЫ КОРГОО КОМИТЕТИНИН КАЙРЫЛУУСУ

“Кемпир-Абадды коргоо комитети” бүгүнкү күндө ооруп жаткан аялдарды жана саясатчылар Азимбек Бекназаровду, Равшан Жээнбековду, Мамбетжунус Абыловду жана активист Таалайбек Мадаминовду ооруканага чыгарууну талап кылды. “Кемпир-Абадды коргоп камакта жаткандар, саясий туткундар Жогорку Кеңештин төрагасына, адам укуктары боюнча түзүлгөн комиссиянын төрайымы Гуля Кожокуловага, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолорду алдын алуу борборуна кайрылып, биздин талапка көмөктөшөт жана абактагы абалыбыз менен жакындан таанышып кетет деп ишенебиз”, — деп жазылган анда. Былтыр 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 30га жакын адам жапырт кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деп шек саналып билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

ЖМК ЖӨНҮНДӨ МЫЙЗАМ

«Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топ бүгүн, 30-январда жыйынга чогулду. Анда медиа сектордун өкүлдөрү тарабынан мыйзам долбоорунун иштелип чыккан жана азыркы тапта сунушталып жаткан версиясындагы ар бир беренеге түшүндүрмө берүү сунушу айтылып, колдоо тапты. Документте камтылган беренелердин аныктамасы ушул аптанын соңуна чейин бериле турганы белгилүү болду. Жумушчу топтун кийинки жыйыны 10-февралга белгиленди. Медиаэксперт, юрист Ахмат Алагушев «блогерлерди ЖМКга теңөө сунушун ким киргизди?» деген суроо салды. Ал эми жумушчу топтун мүчөлөрү алардын иши ачык жана элге жеткиликтүү болушун талап кылышты. Эске салсак, Президенттик администрация “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анын негиздемесинде 1992-жылы кабыл алынган мыйзам заман талабына жооп бербей калганы жазылган. Документ коомдук талкууга чыгарылгандан кийин өлкөдөгү медиа уюмдар, журналисттер жана бир катар юристтер нааразы пикирлерин айтып чыгышкан. “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ 5-декабрда түзүлгөн. Ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген. 7-декабрда анын курамын бекиткен тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

МАЙЛУУ-СУУ: ЧЫГЫМ 43 МИЛЛИОНДОН АШТЫ

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында таза суу жана жылуулук берүүнү токтотууга байланыштуу келтирилген материалдык чыгым 43 миллион 821 миң сомду түздү.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, инженердик кызматтардан келтирилген зыян 15 миллион 377 миң 910 сом 56 тыйынды, калыбына келтирүү иштеринин суммасы 1 миллион 834 миң 628 сом, экономикалык зыян 26 миллион 609 миң 304 сомду түзгөн.
Эске салсак, 12-январда катуу сууктан улам Майлуу-Суу шаарынын калкына таза суу берүү үзгүлтүккө учураган. Тактап айтканда, таза суу сактагычтагы түтүктөр тоңуп, суунун басымы кескин төмөндөгөн. Жашоочуларга берилген суунун көлөмү азайып, №1, 3, 4 отказанда суу берилбегендиктен жылуулук берүү токтотулган. Буга байланыштуу 13-январдан тарта шаарда өзгөчө кырдаал режими киргизилген. 23-январда жылуулук берүү иши калыбына келтирилди.

КАРА-КЕЧЕНИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Кара-Кече көмүр кенинен бир күндө эң аз дегени 200 дөй жүк ташуучу унаа көмүр жүктөп чыгып, Кыргызстандын аймактарына ташыйт. Казылып алынган жеринен 1450 сомго бааланган бир тонна көмүр карапайым калкка жеткиче баасы кыйла жогорулайт. Кара-Кече филиалынын башкы инженери Таалайбек Ашитов август айынан бери аймактан 1 жарым миллион тоннага жакын көмүр казылып алынганын билдирип, кызматкерлер үчүн иштөөгө толук шарт түзүлгөнүн белгиледи.


КЫЛМЫШТУУ ТОПТУН МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

Жалал-Абад облусунда карактоо менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалды.
Шектүүлөр 28-январда кармалган. Алардын биринин Жалал-Абад шаарындагы үйүн тинткенде эки бычак, колго жасалган бир тапанчага окшош курал, “Макаров” үлгүсүндөгү эки тапанча, төрт ок табылган. Экинчи шектүүнүн автоунаасынан бычак чыккан. Алар Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Экөө тең мурда соттолуп чыкканы аныкталды. Ала-Бука районунун тургуну шектүүлөр анын колуна бычак сайып, тапанча менен коркутуп 50 миң сомун тартып алганын айтып арызданган. Мунун негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Каракчылык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.
Жалал-Абад шаарынын дагы бир тургуну жогоруда сөз болгон эки адам анын 250 миң сомун бербей жүргөнүн, дагы 200 долларын алып бербей жатканын билдирген. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен иш ачылган.

НАРИСТЕНИН САБАЛЫШЫ

Эки жашар кызын сабап, видеого тартып жолдошуна жөнөткөн келинге кылмыш иши козголду.
Баткен облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, 27-январда Кадамжай районунун тургуну 1984-жылы туулган А.Б. арыз менен кайрылып, жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көрсөтүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.
Бул маалымат Кадамжай РИИБинде катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүлөр аныкталган. Жогоруда айтылган үй-бүлө 2023-жылдын январь айынын баш чендеринде өз ара келише албай калгандыктан, чогуу жашабай калышкан. Ш.М. 5-январда өзүнүн кызын уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.
Бул факты боюнча балага карата соттук-медициналык жана соттук-психо-психиатриялык экспертизалар дайындалып, Ш.М. уюлдук телефондору далил буюм катары алынган.
Наристени чырылдата сабап жаткан келиндин видеосу ушу тапта интернеттеги социалдык түйүндөрдө тарап, талкуу жаратууда.

Количество просмотров: 164