• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Мамкызматкер баңгизат менен кармалды. Ата-энеси урушуп койгон өспүрүм өз жанын кыйды

30 Тогуздун айы 2023 18:22 Бишкек Govori.TV

МАМКЫЗМАТКЕР БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Министрликтердин биринин жетектөөчү адиси баңгизат ишине шектелип кармалды.  ИИМ кызматкерлери иликтөө жүргүзүү үчүн Бишкектин Манас проспектисиндеги турак үйлөрдүн бирине барышкан.

Ал жерден 1989-жылы туулган Ч.М.Т. аттуу адамды кармоо учурунда шектүү 8 даана тоголоктошкон кочкул жашыл затты ыргытып жиберген. Андан тышкары кызматтык иттин жардамы менен жашаган жерин тинтүүдө 10 даана баңгизат табылган.

Эксперттер бул тоголоктошкон заттар «ооган чарсы» аталып жүргөн кара куурайдын «гашиш» чайыры экенин тастыктап беришкен. Учурда соттун чечими менен шектүү Бишкектеги тергөө абагына камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

ЧЕК АРАДА УНААЛАР КЕЗЕГИ ЖАРАЛДЫ

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” көзөмөл-өткөрмө бекетинде бүгүнкү күнгө, 30-октябрга карата Казакстан тарапка чек ара текшерүүсүнөн өтүүгө кезекте турган оор жүк ташуучу машиналар 335 экенин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, машиналардын көбү айыл чарба продукциясын жүктөп бараткандар:

“Адатта бул мезгилде ушундай эле болот. Себеби баары түшүмүн жыйнап, башка өлкөлөргө жөнөтүп жатышат. Биз тараптан да, казак тараптан да жүк ташууда эч кандай чектөө жок”, деп айтылат маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны боюнча маселе буга чейин бир нече жолу Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат. 

9-КЛАССТЫН ОКУУЧУСУ ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛГАН

Билим берүү жана илим министрлиги Каракол шаарында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон 9-класстын окуучусу тууралуу Каракол шаардык билим берүү бөлүмү берген маалыматка таянып билдирүү таратты.

Анда айтылгандай, Каракол шаарындагы №1 инновациялык гимназия-мектебинин 9-классынын окуучусу М.Ж. 2023-жылдын 27-октябрында кечки саат 21:00-21:30дар чамасында өз өмүрүнө кол салып, каза болгон.

«27-октябрда каза болгон баланын апасы Н.О. уулун электрондук тамеки менен кармап алып, тамеки тартып жаткандыгын атасына билдирген. Ата-энеси баласына электрондук тамекинин ден соолукка зыяндуулугун айтып, тилдеп койгон. Ата-энесинин айткан сөздөрүн катуу кабыл алган бала өз өмүрүнө кол салган. Бүгүн, 28-октябрда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева каза болгон баланын үйүнө батага барып, ата-энесине кайрат айтты», — деп жазылат маалыматта.

Кошумчалангандай, каза болгон баланын апасы Н.К. №1 инновациялык гимназия-мектебинде география сабагынан мугалим жана 9-класстын класс жетекчиси болуп эмгектенет.

МАССАЛЫК МУШТАШ

Кара-Балтада болгон массалык мушташ учурунда мергенчилик мылтыгынан ок чыгарган өспүрүм аныкталып, ал Алексеевка айылынын 18 жаштагы тургуну болуп чыкты. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, өспүрүм убактылуу кармоо жайына киргизилди. Милиция кызматкерлери мушташтын катышуучуларын кармап, ички иштер бөлүмүнө жеткиришти. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси «курал колдонуу менен жасалган бейбаштык» боюнча кылмыш иши козголду.

Белгилей кетсек, буга чейин Кара-Балтада массалык мушташ болуп, анда бир өспүрүм октон жаракат алганы кабарланган.

«25-октябрында болжол менен саат 01:00дөр чамасында Кара-Балта шаарынын «Сосновский бурулушу» деп аталган жерде 2005-2007-жылы туулган өспүрүмдөр ортосунда жаңжал чыгып, массалык мушташка катышкандардын бири тарапка мергенчилик мылтыгы менен ок чыгарган, жарадар болгон жаран М.Ч. 2008-жылы туулган өспүрүм тизесине жаракат алган, ал Жайыл районунун травматология бөлүмүнө жеткирилген», — деп жазылат маалыматта.

Тергөө уланууда.

АБА ЫРАЙЫ КЕСКИН ӨЗГӨРӨТ

Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт.

31-октябрда эртең менен, күндүз жана 1-2-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, жамгыр жаап, үшүк жүрөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Шамалдын 15-20 метрге жетиши ыктымал. Мындай туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Количество просмотров: 314