• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Масалиев парламентти чанды. Башкы прокурор депутаттардын элегинен өттү

21 Бугу 2020 19:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Бүгүн, 21-майга карата коронавирустун  43 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Учурда кыргызстанда коронавирус жуктургандар жалпы саны 1313 адамга жетти.

МАСАЛИЕВ МАНДАТЫН ТАПШЫРДЫ

Парламенттин 21-майдагы жыйынында «Өнүгүү-Прогрес» фракциясынын депутаты Исхак Масалиев мандатын тапшыра турганын жарыялады. Ал өз чечимин коомчулукта өкмөттүн, парламенттин, спикердин ишин сындагандар көп экени менен түшүндүрдү. Масалиев мандатын 25-майда токтоторун билдирди. Бул арада мандатын тапшырган депутат Исхак Масалиевдин ордуна Жогрку Кеңешке тизме боюнча депутат Нургазы Айдаров келе турганы белгилүү болду.

БАШКЫ ПРОКУРОРДУН ОТЧЕТУ

Парламенттин 21-майдагы жыйынында депутаттар башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун былтыркы жылга карата отчетун угушту. Анда Жамшитов кримтөбөл Азиз Батукаевди экстрадициялоо маселеси 2021-жылы каралышы мүмкүн экенин отчёт берип жатып билдирди. Талкуу учурунда Башкы прокурорго мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев боюнча суроо узатылды. Жамшитов өз сөзүндө Шадиевге байланыштуу «Мыйзамсыз баюу» беренеси боюнча кылмыш иштери Бишкектин Биринчи май райондук сотунда сырттан каралып жатканын билдирди.

Ala-TVНЫН ДИРЕКТОРУНУН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ

Бишкекте Ala-TV компаниясынын директорунун орун басары кармалды. Бул тууралуу 24.kg агенттиги өздүк булактарына таянып жазды. Маалыматка ылайык, башчынын орун басары мамлекеттик байланыш агенттигиндеги коррупция боюнча өтүп жатат. «Жалпысынан иш боюнча беш адам кармалды. Алар: Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчиси Наталья Черногубова, анын орун басары, УКМКнын эки кызматкери жана Ala-TVнын директорунун орун басары», — деп айтылат маалыматта.

КАЛКТЫ ТЕЙЛӨӨ БОРБОРУНДА ЭЛ ТОПТОЛДУ

Бүгүн  социалдык тармактарда Калкты тейлөө борборлорунун биринде узун кезекте турган адамдардын сүрөтү тарады. Маалыматка караганда, сүрөт Жаш Гвардия менен Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде тартылган. Кезек күтүп турган адамдар санитардык эрежелерди жана 2 метрлик аралыкты сактабагандыгын көрүүгө болот. Эл көп топтолгон калкты тейлөө борборуна тартипти көзөмөлдөө үчүн милиция кызматкерлери келип, чогулган элди тартипке салуу аракетин көрүштү.

ОРОЗО АЙТ КАЙДА ОКУЛАТ?

24-майда Орозо айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мындай чечим Кыргызстандын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучуна байланыштуу кабыл алынган. «Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, Орозо айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 190