• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Матраимов vs Азаттык: УКМК Раимга оодубу? (Түз эфир)

3 Кулжа 2020 18:26 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: ӨЛКӨДӨГҮ АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан бейтаптардын арасынан 46 жаран айыгып ооруканадан чыксабул илдетти жуктурган жаңы 26 учур катталды.

ЖЭЭНБЕКОВДУН ЖАРДАМЧЫСЫ ЖАҢЫ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков өз буйругу менен жардамчысы Абдулазим Курмановду Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун орун басары кылып дайындап, мурда ээлеген кызматынан бошотту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди. Ачык булактарда Абдулазим Курмановдун юрист, дипломат, мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси экендиги белгиленип жүрөт.

АЗАТТЫК САЙМАИТИДЕН АКЧА АЛГАНБЫ?

2-июнда кытай жараны Айеркен Саймаитиге байланыштуу Жогорку Кеңеште түзүлгөн убактылуу комиссиянын отурумунда мекеме аралык тергөө тобу маалымат берди. Анда тергөөчүлөр эки күбөнүн көрсөтмөсүнө таянып, «»Азаттыктын» журналисти акча алган» деген маалымат беришти.

БЛОГЕРДИ 6 ЖЫЛГА КЕСҮҮ СУНУШТАЛУУДА

“Сыдыман” каймана аты менен белгилүү болгон блогер Элмир Сыдымановго карата кылмыш иши козголду. Ал аймак аралык кастыкты козуткан деп айыпталып, 6 жыл эркинен ажыратуу сунушталууда.

КОНГАНТИЕВ АКТАЛДЫ

Жогорку сот мурунку ички иштер министри Молдомуса Конгантиевге карата акыркы чечимди чыгарды. Буга чейин Бишкектин Биринчи май райондук соту актоо чечимин 2019-жылдын 5-июлунда чыгарган болчу. Бишкек шаардык соту дагы бул өкүмдү күчүндө калтырган.

“ТАЖАДЫМ” ОНЛАЙН МИТИНГИ ӨТӨТ

5-июнда активисттер “Тажадым!” аттуу онлайн митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу социалдык түйүндөрдө жарыяланууда. Маалыматка караганда, митинг фейсбук, инстаграм баракчалары аркылуу түз эфирде саат 20.00дө башталат.

Количество просмотров: 298