• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Матраимовдун 3 млрд сомдук мүлкү мамлекетке өттү. Футбол союзун Ташиев жетектемей болдубу?

8 Бирдин айы 2024 18:06 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ  ӨЛКӨДӨ СӨЗ ЭРКИНДИГИ БАР ЭКЕНИН АЙТТЫ

Бүгүн, 8-февралда президент Садыр Жапаров Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүндөгү жоокерлерге жасалган зордук-зомбулук тууралуу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын маалыматы боюнча Фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазды.

«Эгерде Кыргызстанда сөз эркиндиги, адам укугу жок болсо, анда ушул аскер айым эфирден түздөн-түз кайрылуу жасап чыкпайт эле. Азыр аскер прокуратурасы бул боюнча дыкат иш алып барууда. Жыйынтыгы жарыяланат. Мындай мисалдар бизде көп. Кыргызстанда сөз эркиндиги болуп келген жана боло берет»,-деп жазды Жапаров.

Буга чейин Каракол шаарындагы №2028 аскер бөлүгүнүн кызматкери Жылдыз Асанакунова жоокерлерди уруп-согуу, кодулоо, аларга делген азык-түлүктүн сапаты тууралуу айтып, кайрылуу жасаган.

УКМкнын Чек ара кызматы социалдык тармактарда №2028 аскер бөлүгүнүн санитардык нускоочусу кенже сержант Жылдыз Асанакунованын видео кайрылуусунда айтылган маалыматы боюнча буга чейин да Чек ара кызматынын жетекчилиги, ошондой эле көзөмөлдөө жана компетенттүү органдар тарабынан иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгүн маалымдаган.

Ал эми УКМК аскер бөлүктөгү зомбулук боюнча кайрылуу тастыкталбаганын билдирди.

МАТРАИМОВДУН МҮЛКТӨРҮ МАМЛЕКЕТКЕ ӨТТҮ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 миң 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине алынганын билдирди.

Райымбек Матраимовдун мамлекетке алынган мүлкүнүн тизмесинде турак жай комплекси, спорт клубу, кеңсе, коммерциялык имараттар, жер тилкеси көрсөтүлгөн.  

УКМК бул объектилер Райымбек Матраимовдун жана анын жакын санаалаштары мыйзамсыз жол менен алган мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарып алуу боюнча ыкчам иш-чаралардын негизинде алынганын кабарлады. Атайын кызмат кылмыштуу топтордун, кландардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча Райымбек Матраимовго козголгон кылмыш иши боюнча иликтөө иш-чаралары улантылып жатканын кошумчалады.

Январь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Райымбек Матраимовго издөө жарыялап, милиция кызматкерлерине ал тууралуу багыттама берген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” беренесинин “Уюшкан топ жана кылмыштуу уюмдар тарабынан адамды күч менен кармоо, анын жүрүү эркиндигин чектөө” бөлүгү менен айып коюлган.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген. Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевди өлкөдө “мафия түзгөн” деп айыптаган.

Райымбек Матраимов жана анын жакындары акыркы окуялар тууралуу комментарий бере элек. Ал өзү каякта экени белгисиз.

ФУТБОЛ СОЮЗУНУН ПРЕЗИДЕНТТИГИНЕ ТАШИЕВ ТАЛАПКЕР БОЛДУ

Кыргыз футбол союзунун президенттигине Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү.

Аталган уюмдан кабарлашкандай, 7-февралда Шайлоо комитетинин жыйыны болуп, Кыргыз футбол союзунун президенти, биринчи вице-президенти, вице-президенти жана Аткаруу комитетинин мүчөлүгүнө талапкерлердин баштапкы тизмеси каралып, бекитилди. Президенттикке Камчыбек Ташиев жалгыз талапкер болду. Аны «Талант» футбол клубу сунуштады.

31-январда мамлекет башчы Садыр Жапаров Ташиевге Кыргыз футбол союзунун жетекчиси болууну сунушун бергенин билдирген.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын Катарда өтүп жаткан Азия кубогундагы ийгиликсиз оюнунан кийин 29-январда Футбол уюмунун президенти Медербек Сыдыков жана аткаруу комитети кызматтан кеткен. 

Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти 2020-жылдан бери жетектейт, 2021-жылы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматы да кошулган.

ДАРЫГЕРЛЕР ТҮРКИЯГА ОКУУГА ЖИБЕРИЛЕТ

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Улуттук госпиталга барып, уролог дарыгерлер менен жолугушту.

Министрликтен билдиришкендей, президент Садыр Жапаровдун Кыргызстанда органдарды трансплантациялоону өнүктүрүү боюнча буйругун аткаруу максатында Улуттук госпиталдын 8 дарыгеринен турган бригада түзүлүп, алар эртең Түркиядагы алдыңкы органдарды трансплантациялоочу клиникалардын биринде окуп келүү үчүн учуп кетишет. Биринчи этапта 4 уролог, бир айдан кийин дагы 4 дарыгер жөнөтүлөт.

Жыйында министр Саламаттык сактоо министрлигинде координациялык кеңешме болуп, анда президент Садыр Жапаровдун Кыргызстандагы туугандык донорлордон бөйрөк трансплантациясын өнүктүрүү боюнча буйругун ишке ашыруу маселеси талкууланын билдирди. «Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда буга чейин даярдалган адистер бар. Бул команда окутуудан кийин кыргыз-түрк достугу ооруканасында бөйрөк алмаштыруу операцияларын жасайт. Андыктан силерге чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Окууңарга ийгилик каалайм”, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Количество просмотров: 244