• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Матраимовдун АКШда “кара тизмеге” кириши депутаттарды чуулдатты. Башкы прокурор күч түзүмдөрүнүн башчыларын чогултту

10 Бештин айы 2020 18:29 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

 Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 379 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен үч адам каза болду. Бул тууралуу 10-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады.

КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИН ЖЫЙЫНЫ

 «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында башкы прокурордун төрагалыгы астында укук коргоо, фискалдык жана мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңешмеси өттү. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, күч органдары катышты.

ДЕПУТАТТАРГА “УЯТ КОРИДОРУ”  УЮШТУРУЛДУ

Бүгүн, 10-декабрда эртең менен активисттер Жогорку Кеңештин имаратынын кире беришинде «уят коридорун» уюштурушту.  Алар референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алган Жогорку Кеңештин депутаттарына нааразычылык билдиршти.  Акциянын катышуучулары имараттын кире беришинде эки жакка тизилип, коридор кылып, депутаттарды сынга алган плакаттарды кармап турушту.

МАТРАИМОВ АКШНЫН КАРА ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ

АКШ 9-декабрда «Магнитский тизмесине» киргизген Райымбек Матраимовду Кыргызстанда парламент, бийлик мактап отурат. Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Дастан Бекешев 10-декабрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө ушундай пикирин билдирди. Дастан Бекешев Райымбек Матраимовду «2 млрд. сом төлөп берет» деген кыргыз бийлигинин келишиминин «коррупциялык келишим» деп атады.

 “УНАА” МЕКЕМЕСИ ТИНТҮҮГӨ АЛЫНДЫ

Буга чейин «Унаа» мамлекеттик мекемесинин жана автомектептердин кызматкерлери өз ара сүйлөшүп алып, айдоочулук күбөлүктү алуучу сынакты ийгиликтүү аяктоо үчүн курсанттардан (окуучу) акча талап кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат тараган.

Количество просмотров: 542