• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Матраимовдун үйлөрү чекисттерге берилмей болду. Азыркы бийлик октябрь окуясынан сабак алабы?

24 Бештин айы 2020 18:30 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 24-декабрдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан үч киши каза болуп, 186 ​кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1340 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 79 845 ​адамга жетти. Ооруканадан айыгып чыккандардын саны — 73 870 адам.

ЖОЖДОР КАЧАН АЧЫЛАТ?

Үчүнчү чейректен баштап, Бишкек шаарындагы мектеп окуучулары салттуу түрдө билим алышы мүмкүн. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, мектептердин ачылышы ордо калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу. Эгер Санэпидемкөзөмөл департаменти мектептерди ачууга уруксат берсе, анда Бишкек шаарындагы окуучулар III чейректен тарта кадимкидей окуп баштайт. Ошондой эле жаңы жылдан кийин жогорку окуу жайларды кадимки режимде окутуу пландалып жатканы белгилүү болду.

КООПСУЗДУК КЕҢЕШТИН ЖЫЙЫНЫ

Бүгүн, 24-декабрда, президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүп жатат.

Жыйында президенттик шайлоо өткөрүү учурунда коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселеси, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилеринин тизмесине сунуштамалар каралды. Талант Мамытов жыйында 5-6-октябрь күндөрүндөгү парламенттик шайлоонун адилетсиз жыйынтыгынан улам элдик толкундоолорго жана бийликтин алмашуусуна алып келген окуялардан сабак алуу керек экенидигин айтты.

ТАШИЕВ МЕНЕН МААЛЫМАТ ЖЫЙЫН

Бүгүн, 24-декабрдаУлуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйын өткөрүп жатат. Анын айтымында, УКМК коррупция жана кылмыштуулук менен жигердүү күрөшүп жатат. Анын алкагында Матраимов малекетке келтирген зыянын накталай жана мүлк түрүндө төлөп бүткөн. Ошол эле маалымат жыйында Ташиев Соттордун машинеси 100 миң доллар, шубасы 5 миң доллар тургандыгын баса белгилеп, Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага карата кылмыш иши козголгонун коумчалады.

баштаган премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругу менен барган. Ташиев кызматка киришкенден бери журналисттерге экинчи ирет маалымат жыйын өткөрүп жатат.

ДЕПУТАТТАР КАНИКУЛГА ЧЫГАТ

Жогорку Кеңештин депутаттары 30-декабрдан 8-январга чейин шайлоочулар менен жолугуу боюнча токтом кабыл алды.

Маалыматка караганда, депутаттар аймактарда шайлоочулардын маселелери менен таанышып, жергиликтүү калктын көйгөйүн угуп келет. Белгилей кетсек, жаңы жылда кыргызстандыктар 3 күн катары менен эс алат. Алдын ала маалымат боюнча, бул жолу иш күндөрү жылдырылбайт.

 “АСКЕР КУРУЛУШ” ИШКАНАСЫНЫН ИШИ ТЕКШЕРИЛҮҮДӨ

Аскер прокуратурасы «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасынын «Ганси» аймагында жүргүзгөн курулуш иштерин текшерүүдө. Бул мууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, «Аскер курулуш» мамлекеттик ишканасы мурдагы «Ганси» транзиттик борборунун аймагындагы имараттарды капиталдык оңдоп-түзөө иштерине тартылган жумушчуларга эмгек маянасын жана курулушка жумшалган товарлардын акчасын бербей жаткан. Азыркы учурда Аскер прокуратурасы тарабынан бул жаатта текшерүү жүргүзүлүүдө жана мыйзам бузуулар аныкталса тийиштүү прокурордук чаралар көрүлөт.

Количество просмотров: 435