• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: «Мегакомдун» мурдагы жетекчиси камалды. Жапырт кармалгандар бийлик менен сотко нааразы

27 Кулжа 2023 18:01 Бишкек Govori.TV

«ЭЛДИК КУРУЛТАЙ ЖӨНҮНДӨ» МЫЙЗАМ

Бүгүн, 27-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды. Мыйзам долбоору тууралуу комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди. Конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган.
Кошумчалай кетсек, мыйзам долбоору президенттин демилгесинин негизинде жазылган. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени 15ке чейин кыскарткан. Бул мыйзам долбоору өткөн жылы дагы талаш-талкуудан улам кабыл алынбай калган. Элдик курултай институту 2021-жылы 5-майда күчүнө кирген Конституцияга киргизилген. Ага ылайык, былтыр сентябрга чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек эле. Мыйзам кабыл алынбай калгандыктан, президент Садыр Жапаров өз жарлыгы менен Элдик курултай өткөргөн.

КЕМПИР-АБАД ИШИ: КАМАЛГАНДАР КАЙРЫЛУУ КЫЛДЫ
Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттер абактан кайрылуу жолдошту. Буга чейин алдын ала угууда Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад ишин жабык кароо чечимин кабыл алган. Кечээ Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуулар аяктап, кийинки жараян 7-июлга белгиленген.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер өткөн жылдын октябрь айында камалган. Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши жакында гана сотко өттү. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 14ү абакта жатат.

«МЕГАКОМДУН» МУРДАГЫ ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ

«Мегакомдун» мурдагы директору Б.А.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы бүгүн, 27-июнда билдирди. УКМК кабарлагандай, “Мегакомдун” жетекчилиги жеке компаниялар менен сүйлөшүп, тендерлерде аларга артыкчылык берип турган. Андан тышкары мекемеге техникалар кымбат баада сатып алынып, мамлекетке миллиондогон зыян тийгени жазылган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 4-бөлүгү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди жана тергөө уланууда. Кошумчалай кетсек, жогорудагы инициал мекеменин мурдагы жетекчиси Азат Базаркуловдун ысымына туура келүүдө.

БЕЙШЕНАЛИЕВДИН ҮЙ КАМАГЫНДАГЫ МӨӨНӨТҮ УЗАРТЫЛДЫ

Биринчи Май райондук соту мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин үй камагындагы мөөнөтүн узартты. Маалыматты соттун басма сөз кызматы тастыктады.
Соттун чечимине ылайык, Бейшеналиев 24-сентябрга чейин үй камагында болот.
Бейшеналиев ири өлчөмдө пара алууга шек саналып, былтыр 28-сентябрда кармалган. Ички иштер министрлиги ал чет өлкөлүк студенттерди Кыргызстандагы окуу жайларга киргизүү үчүн 110 миң доллар пара алуу фактысына байланыштуу кармалганын билдирген. Бейшеналиев коюлган айып менен макул эместигин айтып келет.

ПАРА БЕРГЕН КЫЗМАТКЕР

«Токмок суу канал» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары коррупцияга шектелип камакка алынды. Маалыматка караганда, директордун орун басары ишкананын балансында турган чоң көлөмдөгү суу түтүктөрүн сатуу боюнча коррупциялык схема уюштурган. 26-июнь күнү муниципалдык менчикти сатуу фактысын жашыруу үчүн ал өзүнүн жетекчисине 60 миң сом пара берип жатканда кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасынан түтүктөрдү сатуудан түшкөн 135 миң сом табылган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда мамлекеттик мүлктү уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

47 ЖАШТАГЫ ЖАРАН УКТ МҮЧӨЛҮГҮНӨН БАШ ТАРТТЫ

Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кылмыштуу аракеттерден баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Ошону менен бирге, ал мурда кийин кылган туура эмес иш аракеттери үчүн элден кечирим сурап, мындан ары эч бир криминалдык чөйрөнүн өкүлдөрүнө аралашпай, дыйканчылык менен тынч турмуш куруу милдетин алды.
Коопсуздук комитети кошумчалагандай, өлкөдө уюшкан кылмыштуулуктун алдын алуу, ачуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында ыкчам-издөө, анын ичинде профилактикалык мүнөздөгү иш-чаралар өткөрүлүп жатат.

Количество просмотров: 112