• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Менчик мектептеги аттестат чыры. Шайлоого барбагандар эми айыпка жыгылабы?

14 Теке 2023 17:59 Бишкек Govori.TV

КАЙРА ШАЙЛОО: 4 ТАЛАПКЕР АРЫЗ БЕРДИ

Борбордук шайлоо комиссиясына Бишкектин №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болууга 14-июлга карата 4 талапкерден арыз түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Өзүн-өзү депутаттыкка көрсөткөндөр Эртай Исакаков, Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев жана Роман Ремнёв.
Боршайком кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү 10-августта аяктайт. Бул жолку кайра шайлоону өткѳрүүгө жалпы 13 208,8 миң сом бөлүнгөн.
Борбордук шайлоо комиссиясы 16-июнда Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапкан. Буга алдыңкы орун алган эки талапкердин добуштары мыйзам бузууларга байланыштуу жокко чыгарылганы негиз болгон.

ШАЙЛООГО КАТЫШПАГАН ЖАРАНДАРГА АЙЫП САЛУУ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов президенттик жана ЖК депутаттарын шайлоого катышпаган жарандарга 5 миң сомдон айып салууну сунуштоодо. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Максаты — жарандардын шайлоолордо жана референдумдарда өздөрүнүн бийлигин түздөн-түз жүзөгө ашыруусун толук камсыз кылуу. Жүйөлүү себеби бар адамдар гана айыпка жыгылбайт. Икрамов шайлоолордо шайлоочулардын катышуусу өтө төмөн болуп жатканын белгилеп, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өткөн шайлоону мисал келтирген.
«Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Бишкек шаарынын Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча бир мандаттуу шайлоого 15 миллион 413,9 миң сомго жакын каражат сарпталды. Бирок шайлоого 124 908 адамдын 17 423ү гана добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 13,95% түзөт. Эгерде чет өлкөлөрдүн тажрыйбасын карасак, Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө, Австралияда, Бразилияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө жүйөлүү себептерсиз шайлоого катышпай калган жарандарды жоопкерчиликке тартуу практикасы бар жана мындай эреже көптөгөн адамдардын шайлоолорго катышуусун камсыздайт. Шайлоочулардын көпчүлүгүнүн шайлоого катышпай калышынын кесепеттери Кыргыз Республикасынын Конституциясында бекитилген демократиянын негизги принцибинин бузулушуна жана республикалык бюджеттен акча каражаттарынын негизсиз ысырап болушуна алып келерин белгилесек болот. Мына ушуга байланыштуу ченемдик укуктук актыларга жогоруда аталган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл»,-деп жазылат долбоордун маалымкат-незиздемесинде.

ТИМ ЕВРОПАРЛАМЕНТТИН РЕЗОЛЮЦИЯСЫНА ӨКҮНҮЧҮН БИЛДИРДИ

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Европарламент 13-июлда кабыл алган резолюцияга өкүнүчүн билдирди. Бул тууралуу ТИМ тараткан билдирүүдө айтылат.
Европарламенттин депутаттары көпчүлүк добуш менен Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басымды айыптаган резолюцияны жактырган. Документте «2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени» белгиленген.
Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүүдө «Европа парламентинин күтүүсүз жана шашылыш түрдө кабыл алынган жана өлкөдөгү абалды чындыкка жатпаган нукта чагылдырган резолюциясына карата өкүнүчүн билдирет» — деп жазылган.


МЕНЧИК МЕКТЕПТИН АЙЛАНАСЫНДАГЫ ЧУУ

Билим берүү жана илим министрлиги “Ай Кью» менчик мектептен аттестат алалбай жаткан бүтүрүүчүлөр тууралуу түшүндүрмө берди. Министрдин орун басары Токтобүбү Ашимбаеванын айтымында, Токмок шаарындагы “Ай Кью» менчик мектеби күндүзгү жана сырттан окууга лицензия алган, бирок экстернат (бир жылда эки класс) боюнча тиешелүү документтери болгон эмес. Ошондой эле ал «Ай Кью» мектеби өткөн жылы 19 балага аттестатты мыйзамсыз бергенин кошумчалады. Буга чейин “Ай кью” жеке менчик мектебинде 84 окуучу аттестат ала албай жатканын бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери айтып, нааразы болушкан.

«БАХЧАЙ» КУРЧООГО АЛЫНДЫ

Бишкектеги Бахчай» кафесинин аймагы курчоого алынды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 14-июлда Бишкектин Саякбай Каралаев көчөсүндөгү «Бахчай» кафесинин аймагына бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн. Кафенин аймагы милиция кызматкерлери тарабынан курчоого алынып, кафенин кызматкерлери жана кардарлары эвакуацияланды. Ошондой бүгүн эртең менен Түгөлбай-Ата көчөсүндө жайгашкан «Бахчай» кафесине бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде тиешелүү органдар иштеп жатат.

Количество просмотров: 191