• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Министрди каматкан чет элдик жаран ким? Ош күнү белгиленбейт

3 Тогуздун айы 2022 18:00 Бишкек Govori.TV

МОНОПОЛИЯГА СЫН АЙТЫЛДЫ

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында «Күндөлүк керектелүүчү тамак-аш азыктарына бааларды турукташтыруу боюнча өкмөт тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маселе каралды. Талкуу маалында депутаттар монополияга каршы агенттиктин ишин сынга алышты.

САЛЫК КЫЗМАТЫНЫН КАЙРЫЛУУСУ

Батирди же үйдү ижарага берген жеке жактар салык төлөөгө тийиш. Мындай билдирүү тараткан Салык кызматы салык төлөбөй турак жайды ижарага бергендер тууралуу фактылар болсо кабарлап коюуну өтүнүп жарандарга кайрылды. Ведомстводон белгилешкендей, кыймылсыз мүлк ээси салык төлөө режимин өз алдынча тандайт. Салыктарды патенттин, бирдиктүү салыктын же жалпы салык режиминин негизинде төлөөгө болот. Салыкты төлөбөгөндөргө мыйзамга ылайык чара көрүлөөрүн белгилеген мамлекеттик кызмат ижарага берген жарандарды өздөрүнүн салык милдеттенмелерин аткарууга жана тиешелүү салыктарды төлөөгө чакырат.

ОШ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНБЕЙТ

Баткен облусунда болгон соңку окуяларга байланыштуу быйыл Ош шаарынын күнүн белгилөө токтотулду. Ош мэриянан кабарлашкандай, бир катар майрамдык иш-чаралар жана салтанаттар да өткөрүлбөйт. 2000-жылы президенттин жарлыгы менен Ош шаарынын 3000 жылдыгы салтанаттуу белгиленген. Ошондон бери 5-октябрда шаар күнүн белгилөө салтка айланган.

КӨЧМӨНДӨР ОЮНУ КАЗАКСТАНДА ӨТӨТ

V Көчмөндөр оюндары Казакстанда өтмөй болду. Эстафетаны Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Муххарем Касапоглу Казакстандын Маданият жана спорт министри Даурен Абаевге өткөрүп берди.

Количество просмотров: 477