• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Күндүн ыргагы: Министрликтин укуругу “Клоопко” жетти. Wildberries компаниясы өлкөдө ишин эмнеге токтотту?

8 Аяк оона 2023 18:10 Бишкек Govori.TV

МИНИСТРЛИК “КЛООПТУ” ЖАБАБЫ?

“Клооп” басылмасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “cаясатчы Равшан Жээнбеков убактылуу кармоочу жайда кыйноого кабылганы” тууралуу жаңылыкты сайтынан алып салууну талап кылганын билдирди.

Порталдын сайтындагы кабарга ылайык, 7-сентябрдын кечинде басылманын почтасына министрликтен материалда «жалган маалымат бар” деген кат келген. Бирок кайсы маалымат жалган экени так көрсөтүлгөн эмес.

“Клооптун” белгилешинче, министрликке сөз болуп жаткан маалымат жалган экени тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кайрылган. Министрлик жаңылыкты эки жумушчу күндүн ичинде өчүрүүнү талап кылып, болбосо Kloop.kg сайты бөгөттөлөрүн эскерткен.

Аталган министрликтен кат жөнөтүлгөнүн ырасташты.

1-сентябрда Kloop.kg сайтына «Кемпир-Абад иши» боюнча абакта жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун тергөө абагында кыйноого кабылганы тууралуу билдирүүсү чыккан. Ошол эле жаңылыкка Жаза аткаруу кызматынын да комментарийи кошулган. Жаза аткаруу кызматы саясатчы тергөө абагында кыйноого кабылбаганын, бардыгы мыйзам чегинде кармалып жатканын билдирген.

Буга чейин Бишкек шаардык прокуратурасы “Клооп” басылмасын жабуу боюнча сотко кайрылып, отурум 26-сентябрга белгиленген.

ТЕМИРАЛИЕВ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ

Умбриэль Темиралиев “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматы 8-сентябрда билдирди.

Дээрлик бир жылдан бери Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти жетектеп келген Темиралиев 7-сентябрда кызматтан алынган. Анын ордуна мурдагы санарип өнүктүрүү министри Талантбек Иманов дайындалган.

“Бишкек” эркин экономикалык аймагын буга чейин Алмамбет Шыкмаматов жетектеп турган. Ал 5-сентябрда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын башкармалыгынын төрагасы болуп дайындалган.

8-сентябрда кыргыз өкмөтүндөгү төрт министр, эки агенттиктин жетекчилери кызматтан алынган.

БАҢГИЗАТ ТАШЫГАН ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛДЫ

Кара-Сууда ири өлчөмдө баңгизат ташыган 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ыдайык, Кара-Суу районунун аймагында 42 жана 45 жаштагы эки жарандардын башкаруусундагы «Toyota» үлгүсүндөгү автоунаага жол коопсуздугунун эрежесин сактоо боюнча жана текшерүү үчүн токтоткон учурда анын айдоочусу жана анын жүргүнчүсү качууга аракет кылышып, жүргүнчү баштыкка оролгон 2 даана затты кылмыштын бетин жашыруу максатында талааны көздөй ыргытып жиберген. Жыйынтыгында автоунаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү кармалды.

«Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, табылып алынган баңгизат «каракуурай чайыры» бэкени аныкталып, салмагы 1 кг 992,4 граммды түзгөн»,-деп жазылат маалыматта.

Кылмышка шектүүлөргө карата КР Кылмыш-жаза Кодексинин «Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.

ЧЕК АРАДА КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫ КАЛДЫ

Литванын Беларус менен чектешкен эки – “Шумскас-Лоша” жана “Твярячюс-Видзы” бекеттери жабылып, чек арада Кыргызстандын 90го чукул жараны жана 70 жүк ташуучу автоунаа тыгында турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

ТИМдин маалыматы боюнча, Литва менен Беларустун чек арасында “Лаворишкес Литва — Котловка”, “Мядининкай Литва — Каменный лог”, “Шальчининкай Литва – Бенякони”, “Райгардас Литва – Привалка” бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерден жеңил машинелер жана жүк ташуучу автоунаалар да өтсө болот.

Министрлик Кыргызстандын Беларустагы элчилиги менен биргеликте кыргызстандыктарга жардам көрсөтүү үчүн чек арадагы кырдаалды көзөмөлдөп жатканын кошумчалады.

КЫРГЫЗСТАНДА Wildberries ИШИН ТОКТОТТУ

Бул тууралуу соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев Wildberries ишканасынын өкүлү Максим Губанов менен жолугушууда белгилүү болду. Компания Казакстан ишканадан айрым документтерди берүүнү талап кылып, ушундан улам Кыргызстандан товар жөнөтүү эки аптага токтогонун билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан Wildberries ишканасы менен күнүнө 25 миң доллардан ашык каражатка беш тоннадан ашык товар жөнөтөт. Соода-өнөр жай палатасы товар ташуудагы убактылуу чектөө бул платформа менен иштеген кыргызстандыктардын кирешесине олуттуу таасир этиши мүмкүн экенин эскертти.

Мекеме, товарларды аба каттамы жана темир жол аркылуу ташуу сунуштары болгонун, бардык варианттар изилденип чыгарын кошумчалады.

Орусиялык Wildberries электрондук базары Бишкек шаарында биринчи жолу 2022-жылдын апрелинде 1 миң чарчы метрлик аянтта товарларды бөлүштүрүүчү борбор ачкан. Кийин Ошто да ушундай жай уюштурду.

Компания эми Кыргызстанда 100 миң чарчы метрлик логистикалык борбор куруу маселесин караштырууда. Wildberries Орусияда маркетплейстердин катарында биринчи орунда турат.

Количество просмотров: 225