Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарды. Бул тууралуу маалымат «Клооп» басылмасынын социалдык тармактардагы баракчасына жарыяланды.
«Фонд бул чечимге каршы Бишкек шаардык сотуна арызданат»,- деп жазылат маалыматта.
Сот жана прокуратура органдары азырынча маалымат бере элек.