• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Башкы прокурор дагы бир депутатты жоопко тартууга макулдук сурады. Жол кире көтөрүлөт

27 Бештин айы 2023 17:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-декабрда Кыргызстанда күндүн негизги темасына айланып, талкууга алынган башкы жаңылыктарды тизмектейбиз:

  • ПРОКУРОР ЖАМГЫРЧИЕВДИ ЖООПКО ТАРТУУГА МАКУЛДУК СУРАДЫ

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештеги “Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады. Бул тууралуу 27-декабрда парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев айтты.

Анын айтымында, депутатка Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен айып тагылууда. Эмил Жамгырчиевди жоопкерчиликке тартууга уруксат берүү же баш тартуу жана козголгон кылмыш ишин иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлдү.

Ал эми айрым депутаттар бул тууралуу өз пикирлерин билдиришти:

Конституциянын 78-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты ишмердигине байланыштуу айткан ой-пикири же берген добушу үчүн куугунтукка алынбайт. Кылмыш жасап жаткан жеринен кармалган учурду кошпогондо, эл өкүлдөрүнүн көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жоопко тартылат.

  • КЕМПИР-АБАД ИШИ. СОТТОРГО КАЙРЫЛУУ

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткандар ушул эле ишке байланыштуу абакта отурган оппозициялык саясатчы Бектур Асановду дарылануу үчүн үй камагына чыгаруу өтүнүчүн беришти. Бул тууралуу алар 27-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы отурумда судья Марат Сыдыковго кайрылуу кылышты.

“Бектур Асанов 20 күндөн бери оор абалда жатат. Ага карабай сотко алып келишти. Биз судьяга аны чыгарып койгула деп өтүнүч киргиздик. Бирок аны канааттандырган жок. Бул жерде кыйноо болуп жатат”, — деди дагы бир айыпталуучу Айданбек Акматов.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

  • ТӨРӨБАЕВ МИНИСТР КЫЗМАТЫНА ЖАКТЫРЫЛДЫ

Жогорку Кеңеш 27-декабрдагы жыйынында Бакыт Төрөбаевди суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Депутаттар анын талапкерлигин талкуусуз колдоду. Буга чейин анын талапкерлигин эки тармактык комитет колдогон.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 25-декабрда айыл чарба министрлиги кайра түзүлүп, Бакыт Төрөбаев суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

  • БИШКЕКТЕ ЖОЛ КИРЕ КЫМБАТТАЙТ

Бишкекте 2024-жылдын 15-январынан тарта коомдук транспортто жол кире акысы көтөрүлөт. Тиешелүү токтом долбоору бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин отурумунда каралып, колдоо тапты.

Ага ылайык, накталай төлөм менен жол кире 20 сом, “Тулпар” картасы менен 17 сом болот. Ал эми MegaPay электрондук капчыгы менен жол акысын төлөө мурдагыдай эле 11 сом болот.

Маршруткаларда болсо төлөм 20 сом болот.

Жаңы тарифтер токтом расмий жарыялангандан кийин 15 күндөн соң күчүнө кирет.

Количество просмотров: 131