• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот Маданият министрлигинин «Клооп» сайтын жабуу чечимин жокко чыгарды

19 Жалган куран 2024 9:18 Бишкек Govori.TV

Бишкектин административдик соту 18-мартта Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин kloop.kg сайтын жабуу жана ага негиз болгон материалды өчүрүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Клооп Медиа» коомдук фондунун адвокаты Нурбек Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, Маданият министрлиги бул чечимге каршы кийинки инстанцияга кайрылбаса же арызданган учурда да Бишкек шаардык соту шаардын административдик сотунун токтомун күчүндө калтырса, kloop.kg сайты ачылышы керек.

«Клооптун» орус тилиндеги сайты 12-сентябрдан тартып жабылган. Ага «Саясатчы Равшан Жээнбеков абакта кыйноого кабылганы кабарланды» деген материал негиз болгон. Атайын кызмат материал «чындыкка коошпойт жана УКМКнын аброюна шек келтирет» деп Маданият министрлигине кайрылган.

Маданият министрлиги ноябрь айында ушул эле материалга байланыштуу «фейктер жөнүндөгү» мыйзамдын негизинде «Клооптун» кыргыз тилиндеги ky.kloop.asia доменинде жайгашкан сайтын бөгөттөгөн.

«Клооп» бул чечимдерге макул эмес экенин билдирип келет.

Бишкектин Октябрь райондук соту 9-февралда «Клооп Медиа» коомдук фондун жоюу жөнүндө чечим чыгарган. Медианы жабуу арызы менен шаардык прокуратура сотко кайрылган.

Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. Ал ушул тапта да ишин улантып жатат.

Количество просмотров: 45