• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Күндүн ыргагы: Москвада 2 кыргыз жараны бычакталды. “Бишкек асфальтсервисте” миллиондор кымырылган

24 Жалган куран 202318:33 Бишкек Govori.TV

 

“ЖООГАЗЫН ЫҢКЫЛАБЫНА” 18 ЖЫЛ

Президент Садыр Жапаров 24-март — элдик ыңкылаптын 18 жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, бул окуяда кыргызстандыктар бийликтин жалгыз булагы эл экенин тастыктаганын билдирди. Мамлекет башчы кайрылуусунда кыргыз эли адилетсиз башкарууга баш ийип көнбөгөн эрки күчтүү, намысы бийик эл экенин белгилеп, эгемендик алгандан кийинки окуялардан дайым сабак алынышы керектиги айткан.

“Геосаясий кырдаалдан улам дүйнө жүзүндө жаңы чакырыктар жаралып, экономикалык кыйын абал өкүм сүрүп турган чакта дагы да болсо ата-бабалар мурас кылган нарк-насилибизге, бир муштумга бириктирген биримдигибизге таянабыз. Өлкөнүн ынтымагын жана туруктуулугун камсыз кылуу менен экономикабызды телчиктирип, улуттук өнүгүү жолунда алгалай беребиз”, — деп жазылган президенттин кайрылуусунда.

2005-жылдын 24-мартындагы «Жоогазын ыңкылабы» деген аталыш менен тарыхка кирген окуяга быйыл 18 жыл болду. Ал күнү демонстранттар өлкөнү 15 жыл башкарган Аскар Акаевдин үй-бүлөлүк системасына каршы чыгышкан.

2008-жылдан тартып бул күн Элдик революция күнү катары расмий белгиленип келген. 2012-жылы Жогорку Кеңештин токтому менен бул датаны расмий белгилөө токтотулган. 

ӨЗГӨНДӨ ЧАТЫРЛАР ОРНОТУЛУУДА

Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесине 18 чатыр орнотула баштады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, Чатырлар кооптуу жерден 2 чакырым 200 метр аралыкта жайгашып, ага таза суу жана электр энергиясы киргизилүүдө.

Эскерте кетсек, 22-мартта саат 05:00дөр чамасында Ош облусунун Өзгөн районунун Карл-Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкү түшкөн.

Карл Маркс айылына I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланып, аймакта жайгашкан 18 турак жайда күн кечирип келген 195 тургун жеңил оокаттары менен коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Аталган аймактагы жер көчкү 2007-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында ӨКМдин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти корутунду чыгарып, аймак кооптуу деп табылган. Аталган аймакта жашаган 18 турак үйдүн ээлерин көчүрүү сунушталган.

 “БИШКЕКАСФАЛЬТСЕРВИСТИН” КЫЗМАТ АДАМДАРЫНА ИШ КОЗГОЛДУ

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек мэриясына караштуу “Бишкек асфальтсервис” муниципалдык ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү, автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын жана “БАС” МИнын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында конкурс өткөрбөстөн жана негиз болуучу тиешелүү документтери жок туруп, жеке үчүнчү жактын эсебине жалпы суммасы 7 млн 624 миң 319 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чыгаруу жолу менен сиңирип алышкандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

«АЗАТТЫКТЫН» СОТУ

Бүгүн, 24-мартта Бишкектин Ленин райондук сотунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин “Азаттык Медиа” мекемесин маалымат каражаты катары ишмердигин токтотуу арызы боюнча соттук отурум уланды.

Анда сот министрликтин “Настоящее время” телеканалында жарыяланган материалында улут арылык кастыкты козуткан жагдайлар бар-жогун аныктоо максатында лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчүн канаттандырды. Ал эми “Азаттыктын”  адвокаты Нурбек Сыдыков буларга токтолду.

Өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеген министрлик лингвистикалык экспертизага берүү өтүнүчү боюнча төмөндөгүдөй жүйөлөрдү келтирди.

Эске салсак, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна арызданган. Арызда эл аралык компаниянын «Настоящее время» телеканалы жарыялаган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электигин белгилеген. Ал эми «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай басылма «окуяларды тең салмактап чагылдыруу принцибине олуттуу мамиле кылат» деп белгилеп, бул кадамды «эркин ЖМКны куугунтуктоо» катары сыпаттаган.

МОСКВАДА 4 КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ КАРМАЛДЫ

Москвада төрт кыргызстандык жаран мекендешинин өлүмүнө шектелип кармалганын 24-мартта Кыргызстандын Ички иштер министрлиги билдирди. Маалыматта айтылгандай, маркум Чүй облусунун Сокулук районунда туулган 18 жаштагы жигит болгону аныкталды.

Окуя 22-мартта Москванын Павшино кичи районунда болгон, жергиликтүү полиция бөлүмүнө көчөдө эки киши жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция кызматкерлери барганда ал жерде жаткандардын экөө тең бычакталганын, бири жан бергенин аныкташкан, экинчиси 19 жаштагы жаран ооруканага жеткирилген.

Москва облусуна караштуу Красногорск шаарынын тергөө бөлүмү Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (“Адам өлтүрүү”) менен иш козгоп, кыргыз милициясынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен бирдикте 20 жана 21 жаштагы төрт кыргызстандыкты кармады.

“Алардан пневматикалык тапанча жана бычак табылып алынды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чырдын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт”, — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстандын 1 миллиондон ашуун жараны Орусияда эмгек мигранты болуп жүрөт.

ГЕПАТИТТИН ЖАЙЫЛЫШЫН АЛДЫН АЛУУ

Боордун вирустук оорусу болгон гепатит менен 2019-жылдагы статистика боюнча 300 миң адам жабыркаганы тууралуу айтылган. Акыркы 4 жыл ичинде анын саны канчага өскөндүгү тууралуу маалымат жок. Бирок, белгилүү болгон маалыматтарга ылайык айына эле кеминде 5, 7 адам боорун алмаштырууга мажбур болот.

Количество просмотров: 597