• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Мурунку вице-премьер-министрлер суралды. Жаңы ажонун ант берүү аземине журналисттер киргизилбейт

26 Үчтүн айы 2021 18:49 Бишкек Govori.TV

ЖАҢЫ БАШ МЫЙЗАМДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ ЭМНЕДЕ?

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча иштеп жаткан конституциялык кеңешме бүгүн, 26-январда кезектеги жыйынга чогулду. Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев алгач Баш мыйзамдагы негизги өзгөртүүлөргө токтолду. Конституциянын жаңы долбооруна ылайык, аткаруу бийлигинин жетекчиси Президенттин аппаратын да башкарат.

ЖАПАРОВДУН ИНАУГУРАЦИЯСЫНА ЖМК ЧАКЫРЫЛГАН ЖОК

Президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакыруу алгандар коронавируска карата тест тапшырышууда. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи республикалык телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Журналисттер чакырылган жок. Журналисттердин чакырылбаганын өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал менен байланыштырышты. Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт.


КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 26-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза тапты. 97 кишиге вирус жукканы маалым болду. Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1402 кишиге жетти.

ВИЦЕ-ПРЕМЬЕРЛЕР СУРАЛДЫ

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова жана экс-вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка сурак берип чыгышты. Исмаилова сурак маалында эмне сөз болгону тууралуу журналисттерге маалымат берген жок. Ал эми Өмүрбекова суроолорго жооп берип жатып, пандемия маалында башка мамлекеттердин тажрыйбасына таянып, өлкөдө коронавирустун жайылышына жол бербөө тапшырмасы турган, ошол учурда биз эмнени туура деп ойлосок, ошолорду кылганбыз деген оюн билдирди.

ПАРА АЛУУГА ШЕКТЕЛГЕН АКТИВИСТ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен пара алууга шектелип кармалган Улан Жураев аттуу жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Жураев тергөө менен кызматташууга макул болгон. Шектүү 2021-жылдын 9-мартына чейин үй камагында болот. УКМК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен жарандык активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураевди кармаган.


ДАГЫ БИР АТКАМИНЕР АКЧА ТӨЛӨП АБАКТАН ЧЫКТЫ

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси (Ю.Б.К.) мамлекетке келтирилген 11,7 млн. сом чыгымды төлөп үй камагына чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди. Маалыматка ылайык, ишкананын Түштүк бөлүмүнүн мурунку жетекчиси мамлекеттик сатып алуулардан казынага 11,7 млн. сом чыгым келтирген. Факт Жазык кодексинин 205-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө башталган.

МОНЧОДО ЗОРДУКТАЛГАН БАЛАНЫН ОКУЯСЫ

Ички иштер министрлиги Орусиянын курамындагы Алтай Республикасынын ички иштер кызматынан мончодо зордукталган өспүрүмдүн окуясын түшүндүргөн кат келгенин кабарлады. 24-январда кыргыз тилдүү социалдык медиада тараган видео боюнча териштирүү жүрүп, алгач бул окуя Кыргызстанда болду деген түкшүмөлдөр айтылган. Алтай Республикасынан келген катка ылайык мончодогу окуя 2020-жылдын 29-июлунда Алтайдын Кош-Агач районунда болгон. 2020-жылдын август айынын башында кылмышка шектүү өспүрүмдөр жана зордуктоого учураган бала табылып, Орусия Федерациясынын Жаза кодексинин 91-беренесине ылайык шектүүлөр камакка алынган.

Количество просмотров: 223