• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Орус тилин расмий тил макамынан ажыратуу сунушталды. Быйыл жаңы жыл белгиленбейт

26 Жетинин айы 2020 18:11 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

26-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан алты киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болчу. Жалпысынан көз жумгандардын саны 1251 адамга жетти. Пандемия башталгандан тарта Кыргызстанда оору жуккандардын жалпы саны 71 171 кишиге жетти.

ДАРЫ-ДАРМЕК ЗАПАСЫ

COVID-19ду дарылоодо колдонулган дары-дармектердин 2-3 айлык запасы бар. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр, коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын башчысы Элвира Сурабалдиева билдирди. Мындан тышкары бул маалымат жыйында Сурабалдиева иш учурунда коронавирус жуктурган дагы 130 медкызматкер 200 миң сомдон кенемте ала турганын кошумчалады.

РАСМИЙ ТИЛ МАКАМЫ ТАЛАШ ЖАРАТТЫ

Баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулап жаткан Конституциялык кеңешменин 26-ноябрдагы жыйынында Кыргызстанда экинчи расмий тил катары англис тилин киргизүү тууралуу сунуш талкуу жаратты. Кеңешменин мүчөсү Максат Чакиев экинчи расмий тил катары англис тили кирсе көптөгөн өнүккөн өлкө менен кызматташууга жол ачыларын айтты. Мындай сунушка Кыргыз мамлекеттик университетинин Манас таануу жана лингвистика институтунун директору, профессор Сыртбай Мусаев каршы чыкты. Бул арада кеңешменин мүчөсү, коомдук ишмер Садирдин Төралиев орус тилин расмий тил макамынан ажыратуу сунушун айтып, себебин кыргыздар эне тилин унутуп баратканы менен түшүндүрдү.

ПАРЛАМЕНТ ЖЫЙЫНЫ

Опумбаев менен Жунушалиев аскер адамдары болгондуктан эң жогорку деңгээлдеги жазага татыктуу. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди. Орозова мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев менен УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевди таап жоопко тартууну талап кылды.

«ЗОМБУЛУККА КАРШЫ 16 КҮН» АКЦИЯСЫ БАШТАЛДЫ

Кыргызстанда 16 күндүк «Зомбулуксуз жашоо» өнөктүгү башталды. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтонбекова билдирди. Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 10 ай ичинде үй-бүлөдөгү зомбулук 13 пайызга өскөн.

УКТ МҮЧӨЛӨРҮ КАРМАЛДЫ

УКМКнын кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Комитеттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, «Положенец» жана «Смотрящий» деп таанылган 1988-жылы туулган ЖАРАНДАР кечээ, 25-ноябрда колго түшүрүлгөн. Расмий маалымат боюнча, алар ушул жылы сентябрь айында жеке ишкерге Бишкектеги соода жайын тартып алуу үчүн күч колдонушкан. Тиешелүү берене менен тергөө башталып, бул кылмышка тиешелүү башка адамдарды табуу аракеттери уланып жатат.

Количество просмотров: 369