• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Пандемияга карабай митингге жүздөгөн адам чыкты. Президент ЖКнын кезексиз отурумуна барат

29 Кулжа 2020 18:57 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 29-июндагы брифингде Кыргызстанда коронавирустун жаңы 269 учуру катталганын билдирди. Үсөнбаев саламаттык сактоо министрлигинин айрым алгоритмдери өзгөргөнүн кошумчалады. Анын айтымында, эгер жарандын дене табы 38°Стан ашса, пневмониянын белгилери болсо, ал ПЦР-тесттин жыйынтыгын күтпөстөн, атайын даярдалган ооруканага кабыл алынат.

ООРУКАНАДАН КАЙРЫЛУУ ЖАСАГАН МИЛИЦИОНЕР КАЗА БОЛДУ

Борбор калаадагы Ленин РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкери, милициянын ага лейтенанты Бердибай Элакунов 37 жашында каза болду.
Бишкек ШИИББдин маалымат кызматынан билдиргендей, милиционер кечээ кечинде көз жумган. Болжолдуу маалымат боюнча, анын өлүмүнө пневмония оорусу себеп болгон. Өлүмүнүн себеби такталып жатат.
Белгилей кетсек, буга чейин анын Бишкекте ооруканада жатып «Абайлагыла, бет кап кийгиле!» деп жарандарга кайрылган видеосу интернетке жарыяланган болчу.

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮ ЖАРАНДАРГА КАЙРЫЛДЫ

Өкмөт элдин көпчүлүгү коронавирус илдетине олуттуу мамиле жасабагандыктан абал оорлошуп кетти деп эсептейт. 29-июнда өкмөттүн басма сөз кызматы маалымат таратып, бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов айтканын билдирди. Ошону менен катар Боронов эң башкысы дүрбөлөңгө түшпөө керектигин, анткени коркуу сезимин башаламандыкка алып келерин айтып, элди сабырдуулукка жана чыдамкайлыкка чакырды.

ПРЕЗИДЕНТ ПАРЛАМЕНТТИН ЖЫЙЫНЫНА КАТЫШАТ

Эртең, 30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Парламенттин жыйынында өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.
Жээнбеков бул күндөрү байланыштарды азайтуу максатында «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат. Анын коронавируска карата кайталап тапшырган анализи таза чыккан.

БАРЫМТАГА АЛЫНГАН АЯЛДЫ БОШОТКОН ПОДПОЛКОВНИК КАЗА БОЛДУ

Биринчи май районундагы 5-шаардык милиция бөлүмүнүн башчысы Эркин Жаанбаев каза болду. Бул маалыматты Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Болжолдуу маалымат боюнча, маркум инсульттан көз жумган.
Милициянын подполковниги Эркин Жаанбаев Бишкекте мурунку жигити бычактап, барымтага алган кызды бошоткон. Ал бычак көтөргөн шектүү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болчу. Шектүү учурда камакта.
Жабырлануучу кыз куткарылып, бирок бычактан алган жаракаттын кесепетинен ооруканадан каза болгон.

Количество просмотров: 193