• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Парламентке эми “чоочундар” кирбейт. Шахтадагы кырсык адам өмүрүн алды

11 Жалган куран 2020 20:04 Бишкек Govori.TV

ОШТО ШАХТАДА ЖАРАН КАЗА БОЛДУ
Ошто көмүр кенинде иштеп жаткан украиналык бир жаран каза таап, экинчиси ооруканага түштү. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

ДОЛЛАРДЫН КУНУ ТАЛКУУДА
Кыргызстанда чет элдик валютага тартыштык жок. Бул тууралуу Улутттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов билдирди.

ПАРЛАМЕНТКЕ “ЧООЧУНДАР” КИРБЕЙТ
Жогорку Кеңеш жана президенттин иш кеңсеси жайгашкан имаратка сырттан келгендерди киргизүү убактылуу токтотулду.

МИНИСТРДИН ОРУН БАСАРЫ ЖЕМЕ УКТУ
Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Жаныбек Керималиев төраганын орун басары Мирлан Бакировдон жеме укту.

ИРАНДА КАЛГАН КЫРГЫЗСТАНДЫК АЙДООЧУЛАР
Иранда калган кыргызстандык айдоочулардын айрымдары Азербайжан аркылуу келгени жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-марта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

“Жерүйдө” мамлекеттин үлүшү болуш керек деген комиссиянын чечими популизм 

Мамлекеттик ишмер Турдубек Мамбетов  2015-жылдагы Жерүй кени боюнча конкурс ачык жана мыйзамдуу өткөндүгун айтып, иш бүтүп калганда мындай абалдын жаралуусу туура эмес дейт.

ИСАКОВ ЭГИЗ УУЛДУУ БОЛДУ
Эки жылга жакын убакыттан бери абакта жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 11-мартта эгиз уулдуу болду.

Количество просмотров: 194