• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Парламентте бир айда үч төрага алмашты. Белоруссия Бакиевдерди кайтаргысы жок

4 Жетинин айы 2020 18:37 Бишкек Govori.TV

ТӨРАГА АЛМАШТЫ

Жогорку Кеңеш төрагалыкка Талант Мамытовду бекитти. 4-ноябрдагы жыйында анын талапкерлигин 100 депутат колдоду, каршы болгондор жок.

БШКНЫН МҮЧӨСҮ ШАЙЛАНДЫ

Бүгүн Жогорку Кеңеш Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырды. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында ага 64 депутат макул болуп, 36 депутат каршы чыкты.

ДЕПУТАТТАРДЫН ЖЫЙЫНЫ

Бүгүн, 4-ноябрда Жогорку Кеңеш кезектеги жыйынга чогулду. Күн тартибине Жогорку Кеңештин төрагасын шайлоо маселеси киргизилип, дагы бир нече мыйзам долбоору каралды. Жыйында депутат Өмүрбек Текебаев кесиптештеринин тез чечим кабыл алып жатканына нааразы болду.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Акыркы суткада коронавирус илдетине кабылган төрт киши каза болду. Алардын үчөө Бишкектин, бирөө Баткен облусунун тургуну болушкан. Бул тууралуу коронавирус менен күрөшүү боюнча Республикалык штаб кабарлады. 4-ноябрга карата COVID-19 оорусу 495 кишиден аныкталды.

БАШКЫ ПРОКУРОР МААЛЫМАТ БЕРДИ

Бүгүн 4-ноябрда Башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйын берди. Анын айтымында, экономикалык амнистия өз жыйынтыгын берүүдө. Маалымат жыйында Зулушев Прокуруратура — мыйзамдардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзгөн орган экенин айтып, прокуратура саясаттан тыш иш алып бара турганын белгиледи.

ДАГЫ БИР КЫЗМАТКЕР ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

«Кыргыз жылуулук энерго» мамлекеттик ишканасынын тендердик комиссиясынын мүчөсү 500 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Количество просмотров: 172