• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Пневмониядан каза болгондордун саны кескин жогорулады. Бийликке сын айткандар көбөйдү

7 Теке 2020 18:54 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда 7-июлга карата коронавирус жуктурган дагы 450 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 8141 кишиге жетти. Жаңы катталгандардын арасынан 78и медкызматкерлери. Ал эми 7-июлга карата дагы 73 адам коронавирус оорусунан дарылангандан кийин айыгып, ооруканадан чыкты. Акматованын маалыматына ылайык өткөн сутка ичинде пневмониядан 29 адам каза болсо, ал эми 7 бейтап COVID-19 инфекциясынан көз жумду.

КОРОНАВИРУСКА КАРШЫ АРАКЕТТЕР

Экономиканын көпчүлүк тармактарынын ишин токтотууга алып келе турган катуу чектөө чараларын кайрадан киргизүү — бул ишканаларга жана жарандардын турмушуна терс таасирин тийгизет. Бул тууралуу өкмөттөгү брифингде премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди. Өкмөт башчынын айтымында, инфекциянын жайылышын алдын алып, токтотуунун бир гана жолу бар.

МЕКЕНДЕШТЕРДИ КАЙРАТУУ УЛАНТЫЛУУДА

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанга чет жерден учак жана автобустар менен 20 миң 638 жаран кайтарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев билдирди. Анын айтымында, кыргызстандык жарандар Россия, Түштүк Корея, Сауд Арабиясы, Индия, Бириккен Араб Эмирлиги, Египет, Шри-Ланка, Малайзия, Иран, Индонезия ж.б. мамлекеттерден алынып келген.

САРИЕВ БИЙЛИККЕ КАЙРЫЛДЫ

Пандемиянын кесепетинен тийип жаткан залаканы азайтуу үчүн бийлик кескин кадамдарга барбаса болбой калды. Мындай пикирин 7-июлда мурдагы премьер-министр Темир Сариев өлкө жетекчилигине жолдогон кайрылуусунда билдирди. Саясатчы «Фейсбуктагы» жеке баракчасына жарыялаган видеокайрылууда учурда коронавирустан жана пневмониядан жабыркаган миңдеген адамдар тийиштүү медициналык жардам ала албай, абдан кыйын абалга туш болгонун белгиледи. Акыркы кырдаалга байланыштуу өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында эч бир маанилүү чечим кабыл алынбаганын сынга алган Сариев өлкө экономикасы абдан оор абалга кептелгенин айтты.

ЖК ДЕПУТАТЫ Ч.ТУРСУНБЕКОВ КӨЗ ЖУМДУ

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөсү, ишкер Чыныбай Турсунбеков 6-июлда түнгө маал өпкө кагыны илдетинен каза болгону парламенттен ырасталды. Буга чейин Чыныбай Турсунбеков эки өпкөсү кагынып, Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жаткан. Акыркы күндөрдө анын абалы оор экени жана жасалма дем алдыруу аспабынын (ИВЛ) көмөгү менен дем алып жатканы айтылган. 5-июлда Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Ч.Турсунбековдун кан басымы, дене табы жана жалпы акыбалы жакшы экенин, дарыгерлердин божомолунда ал жасалма дем алдыруучу аспаптан жакын арада чыгып, амбулатордук дарыланууга которулушу мүмкүн экенин кабарлаган. Ага пневмония деген диагноз коюлганын, бирок коронавируска тапшырган анализи таза чыкканын кошумчалаган. Анын сөөгү бүгүн 7-июлда Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Количество просмотров: 1635