• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент Көлбаевдин өлүмү боюнча үн катты. Жол кирени 20 сомго көтөрүү сунушталды

16 Тогуздун айы 2023 18:48 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВДУН ЖАҢЫ МАЕГИ

Өнүккөн өлкө болууну каалаган мамлекетте криминалдык чөйрө деген болбошу керек. Мындай пикирин президент бүгүн 16-октябрда “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.
«Негизи өнүккөн мамлекеттерде кримдүйнө деген түшүнүк жок. Ошол үчүн өнүгүп жатышат. Албетте криминалдык чөйрө мамлекеттин эле эмес, жарандардын, инвесторлордун да ишмердигине терс таасир этет. Каракчылык заманды унутуш керек. Азыр эшикте 21-кылым. Баары мыйзам чегинде болуш керек»,-деген Жапаров.

Мындан сырткары Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын кошумчалаган.
4-октябрда УКМК Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. 9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

«БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН» МҮЧӨСҮ ШАМШИДИН УУЛУ КАМАКТА КАЛДЫ

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулунун бөгөт чарасы каралып, 8-ноябрга чейин узартылды.
Замирбек Шамшидин уулуна Кылмыш жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”) менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгон. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал 278-беренеге (“Массалык баш аламандыктар”) алмаштырылган. Шамшидин уулун 21-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кармалганы маалымдалган.

ЖОЛ КИРЕНИ 20 СОМГО КӨТӨРҮҮ СУНУШТАЛУУДА

Бишкек мэриясы Бишкекте коомдук транспорттун жол кире акысын 20 сомго көтөрүүнү сунуштап жатат. Менчигинин түрүнө карабастан транспорттун бардык түрүнө: автобустарга, кичи автобустарга жана троллейбустарга бирдиктүү тариф белгилөө каралууда. Жол кире кымбаттаса, электрондук жол билети да кымбаттайт. Стандарт билет айына 1200 сом, мектеп окуучуларына арналганы 430 сом болот. Мэрия жол кирени кымбаттатууга бир нече фактор себеп болуп жатканын айтып, аларды санап берген. Анын ичинде күйүүчү майдын кымбатташы, айдоочулардын айлык акысына нааразы болушу, кадр жетишсиздиги сыяктуу бир топ маселе бар. Жол кирени жогорулатуу боюнча долбоор Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна жөнөтүлгөн. Белгилей кетсек, учурда Бишкекте маршруткаларда жол кире акысы 15 сом болсо, автобус, троллейбустарда жүргүнчүлөр 11 сом төлөшөт.

ОКУУЧУ 2-КАБАТТАН СЕКИРДИ

Жалал-Абадда окуучу кыз мектептин 2-кабатынан секирип кеткен. Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрь күнү Жалал-Абад ШИИБге 1991-жылы туулган аял киши арыз менен кайрылып, 11 жаштагы кызынын телефонун мугалим алып койгондуктан мектептин 2-кабатынан секиргенин билдирген. Окуучу кыздын сол буту сынып, Жалал-Абад облустук ооруканасына жаткырылган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

ӨКМ ТИК УЧАКТУУ БОЛДУ

Россия Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак берди. Бул тууралуу КР президентинин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди. Анын айтымында, президент Садыр Жапаров кесиптеши Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүсүнүн натыйжасында тик учак алынып, ал Бишкекке келип конду
«Тик учак болгон мүмкүнчүлүктөрүн колдонуучу аппараттары менен алынды. Лебедка, кислороддук аппарат, медициналык модуль, өрт өчүрүчүү шайманы (водосливное устройство), жүргүнчү отургучтары, жаңыртылган күчтүрөөк кыймылдаткыч коюлган», — деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанга 12-октябрь күнү расмий сапар менен келип, 13-октябрда КМШ өлкө башчыларынын саммитине катышкан.

Количество просмотров: 346