• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президент ыктыярчыларды укту… Окуучулар жаңы окуу жылын кайрадан аралыктан баштайт

21 Теке 2020 18:17 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Акыркы сутканын ичинде коронавирус жана пневмония оорусу 1108 адамдан аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттөгү брифингде билдирди.

ЖЭЭНБЕКОВ ЫКТЫЯРЧЫЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ
Президент Сооронбай Жээнбековдун коронавирус шартында иштеп жаткан ыктыярчылар менен 21-июлда өткөн жолугушуусу эки сааттан ашык убакытка созулду, ага 12 адам катышты. Суроо-жооп форматында өткөн жолугушууга журналисттер катышкан жок.
Ыктыярчы катарында баргандардын бири алып баруучу Эркин Рыскулбеков Жээнбеков ыктыярчылардын айрым суроолоруна жооп берсе, кээ бирлери жоопсуз калганын, бирок, ошондой болсо да элдин маанайын жеткирүүдө бул жолугушуу пайдалуу болгонун белгиледи.
Ошону менен катар ал «бийликти өтө мактай тургандар» болбогонун айтты.

ЖЫПАР ЖЕКШЕЕВ КАЗА БОЛДУ
Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев оорунун айынан каза болду. Маалыматка ылайык,  ал Бишкектеги улуттук госпиталда COVID-19 илдетине байланыштуу дарыланып жаткан. 21-июлга караган түнкү саат 1:30дун тегерегинде үзүлгөн.
Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган.

ДАРЫГЕРЛЕР ТОБУ ЭС АЛУУГА ЖӨНӨТҮЛДҮ
Бүгүнтөн тартып Ысык-Көлдөн келген он беш дарыгер «Алтын-Жай» пансионатында толук калыбына келтирүү курсунан өтүшөт. Бул боюнча райондун башчысы Данир Иманалиев жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү дарыгерлер менен жолугушту.
Алар Бишкекте эки жумадан ашык убакыттан бери пандемияга каршы күрөштө бейтаптар менен алдыңкы сапта иштеп келишкен. Оор иш сапары аяктагандан кийин бардыгы үйлөрүнө кайтышкан.

ОКУУЧУЛАР 1-ЧЕЙРЕКТИ АРАЛЫКТАН ОКУЙТ
2020-2021-окуу жылынын биринчи чейреги онлайн режимде өтөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова брифингде маалымдады. анын айтымында, жаңы окуу жылына даярдыктар көрүлүп, учурда бир жылдык видео-сабактарды тартуу иштери башталган.

Количество просмотров: 1842