• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Президенттикке талапкерлер Жапаровго каршы БШКга даттанды. ЖК референдум өткөрүү мыйзамын колдоду

9 Бештин айы 2020 18:39 Бишкек Govori.TV

РЕФЕРЕНДУМ БОЮНЧА МЫЙЗАМ 1-ОКУУДА КОЛДОО ТАПТЫ

Жогорку Кеңеш 10-январга белгиленген кезексиз президенттик шайлоо менен бирге мамлекеттик башкаруу формасы боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

РЕФЕРЕНДУМГА КАРШЫ МИТИНГ

Бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында жарандык активисттер референдум өткөрүүгө каршылык билдирип, митингге чыгышты. Чогулгандар парламенттин азыркы чакылышынын ишмердүүлүгү мыйзамсыз болгондуктан референдум тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алууга укугу жок экенин айтышты.

МАМЫТОВ ОРУСИЯДА КЫРГЫЗДАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

ПРЕЗИДЕНТТИККЕ ТАЛАПКЕРЛЕР БШКГА ДАТТАНДЫ

Бүгүн, 9-декабрда президенттикке талапкерлигин көрсөткөн Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асанов, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков жана коомдук ишмер Мамбетжунус Абылов маалымат жыйын өткөрдү. Алар Жапаровду талапкер катары каттабоо тууралуу БШКга арыз жөнөткнүн билдиришти.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү күндөгү маалыматы боюнча Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 322 кишиден жаңы аныкталды, илдеттен эки адам каза болду. Каза болгондордун бири — Бишкектин, бири — Ош облусунун тургуну.

АТАМБАЕВ БАШКА АБАККА КОТОРУЛАБЫ?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди №47 абактан УКМКнын тергөө абагына которгону жатат. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошев Фейсбуктагы өздүк баракчасы аркылуу билдирди.

ЖЕР РЕСУРСТАРЫ БОЮНЧА АГЕНТТИКТИН ДИРЕКТОРУ КАРМАЛДЫ

УКМКнын маалыматына ылайык, мыйзамсыз акча чогултуу фактысы боюнча Жер ресурстары боюнча агенттиктин директору кармалды.

Количество просмотров: 762