• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Күндүн ыргагы: Үрөй учурган кырсык адам өмүрүн алды. «Октябрь» кинотеатрынын тагдыры чечилди

19 Теке 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

ЧЕК АРА МАСЕЛЕСИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Тажикстандын Согд облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода менен Өзбекстандын Фергана облусунун жетекчиси Хайрулло Бозаров менен жолукту. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров жолугушуунун жүрүшүндө аймактык жолугушууларды өткөрүү практикасынын жанданышы үч өлкөнүн чек аралаш облустарынын бири-бири менен болгон катышын бекемдөөнү жана кеңейтүүнү жактай тургандыктарынан кабар берерин белгилеген. Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттер ортосундагы кызматташуу мындан ары да салттуу жана элдердин көп кылымдык достук мамилесинин негизинде өнүгө турганына үмүт кыларын кошумчалады.


КАЙРА ШАЙЛОО: 7 ТАЛАПКЕР АРЫЗ БЕРДИ

Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округунда кайра шайлоого катышуу үчүн жети адам арыз берди. Алар: Алмаз Аскар уулу, Эркин Булекбаев, Роман Ремнов, Турсунбек Бакир уулу, Куттубек Асылбеков, Назарбек Нышанов жана Эртай Искаков. Искаков Бишкектеги таза суу берилишин талап кылып акцияга чыкканына байланыштуу өткөн жекшембиде камалган жана сот аны эки айга камакта калтырды. Белгилей кетсек, БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Ал эми буга чейин 28-майда өткөн Ленин округундагы шайлоонун жыйынтыгы 16-июнда жараксыз деп табылган. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

ҮРӨЙ УЧУРГАН КЫРСЫК

Бишкек четиндеги Ак-Ордо 3 конушунда жүк ташуучу унаа жүргүнчү ташыган 169-кичи автобусту сүзүп, бир киши каза болду. Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай. кичи автобустун ичинде 24 адам болгон. Аларга тез жардам чакырылып, бир жүргүнчү жеринде каза болгон. Калган 23 жарандын ичинен төртөө кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Реанимациядагылардын үчөөнүн абалы өзгөчө оор, бирөөсү оор абалда деп бааланууда. Жети жаран денесинен ар кандай жаракат алып, хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Калган жүргүнчүлөр врачтардын кароосунан өтүп, үйлөрүнө чыгарылган. Күбөлөрдүн айтымында, жүк ташуучу унаа жогорку ылдамдыкта келип, жүрүп бара жаткан кичи автобусту сүзгөн. Териштирүү иштери жүрүп жатат.

ЖАШЫРУУН ЦЕХ ТАБЫЛДЫ

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында, Ош базарындагы «Берекет универсал» соода түйүндөрүндөгү тинтүүнүн натыйжасында 3350 литрди түзгөн 16 миң 900 бөтөлкө жасалма алкоголдук ичимдиктер табылды. Натыйжада 16,9 миң бөтөлкө — 3,5 миң литр жасалма алкоголдук продукция табылды. Анын ичинде коньяк, виски, текила бар. Мындан тышкары, 350 литр этил спирти, акциздик миң жасалма марка, этикетка жана ошондой эле контрафактылык алкопродукцияны өндүрүү үчүн станоктор, атайын жабдуулар таныкталды.
Курамында спирти бар продукциялар санитардык, техникалык жана медициналык нормаларды сактабастан колго жасап турушкан. Анын ден соолук үчүн кооптуулук жаратып, өлкө экономикасына зыян алып келери белгиленди.

КИНОТЕАТРДЫН ТАГДЫРЫ ЧЕЧИЛДИ

Бишкектеги «Октябрь» кинотеатрынын имараты Чүй облустук театрынын карамагына өттү. Бул тууралуу маданият министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, «Октябрь» кинотеатрынын имараты Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрына өткөрүлүп берилди. Кабыл алуу жана өткөрүп берүү актысына кинотеатрдын, кинематография депратаментинин жана театрдын жетекчилери кол койгон. Кошумчалай кетсек, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук театрынын өзүнүн имараты жок болгон.

Количество просмотров: 553