• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: «Раим-миллион» кармалды. Суракматов мэрликти Тюлеевге өткөрүп берди

20 Тогуздун айы 2020 19:50 Бишкек Govori.TV

ЭПИДЕМИЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда акыркы бир суткада коронавирус дагы эки кишинин өмүрүн алып, бир күндө вирус дагы 384 кишиден жаңы табылды. Кыргызстанда коронавирус алгачкы жолу расмий аныкталган март айынан бери оору жугузуп алгандардын саны 52 910 кишини түздү. Анын 46 139у айыкты. Статистика боюнча учурда вируска чалдыккан 2690 бейтап стационарда, 2481и үй шартында дарыланууда.

ВИРУСТУ КАЙРАДАН ЖУКТУРУУ МҮМКҮНБҮ?

Коронавирусту кайра жуктуруп алган учур катталган жок. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди. Эскерте кетсек, мамлекеттик санитардык-эмидемиологиялык көзөмөл борборунун башчысы Кубан Кундашев Бишкекте коронавирусту кайра жуктуруп алган алгачкы 2 учур катталганын 19-октябрда мэриядагы жыйында билдирген болчу.

РАИМ МАТРАИМОВ КАРМАЛДЫ

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов УКМнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан бүгүн, 20-октябрда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, Райымбек Матраимов коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалды. Ага 2016-жылдан бери бажы тармагында коррупциялык схема уюштурган деп айып тагылууда. Учурда сотко чейинки өндүрүш алкагында териштирүү иштери башталды.

АБЫЛГАЗИЕВГЕ ӨЛКӨДӨН ЧЫГУУГА ТЫЮУ САЛЫНДЫ

Экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге Кыргызстандын аймагынан чыгууга тыюу салынганын Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти. Маалыматта эгер ал чет өлкөгө чыгууга аракет кылса, кармала турганы айтылат. Азырынча мурунку өкмөт башчыга кайсы иштин негизинде тыюу салынып жатканы белгисиз. Ошол эле учурда Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевге өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы белгилүү болду.

КАЙРА ШАЙЛОО ТАЛКУУДА

Бүгүн, 20-октябрда саясий партиялар менен жарандык коомдун өкүлдөрү шайлоо маселесин талкуулады. Ага экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алтынбек Сулайманов, Дастан Бекешев, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, белгилүү коомдук ишмерлер жана жарандык активисттер, укук коргоочулар катышып,шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштар талкууланды.

БИШКЕКТИН МЭРИ АЛМАШТЫ

Азиз Суракматов маалымат жыйын учурунда алдыдагы парламенттик шайлоого катышарын билдирди. Суракматов азырынча кайсы саясий партия менен шайлоого ат салыша турганын ачыктаган жок. Жаңы кызматка киришип жаткан Бишкектин экс- мэри Нариман Тюлеев маалымат жыйын учурунда Бишкектеги жаралган маселелерди чечүү үчүн келип жатканын жана колунан келишинче аракет кылаарын билдирди.

Количество просмотров: 228