• Ишенби 24 Тогуздун айы 2020

Күндүн ыргагы: Саламаттык сактоо министри сөгүш алды. Эскилерге үмүт арткан партиялар

29 сентября 2020 в 17:59 Бишкек Govori.TV

ЭКИЛЕРГЕ ҮМҮТ АРТКАН ПАРТИЯЛАР

Парламенттик шайлоого карата 4-сентябрдан тарта башталган үгүт иштери кызуу жүрүп жаткан чагы. Анда ат салышып жаткан партиялар элдин эсинде калган эски лидерлеринин сүрөттөрүн баннерлерге басып чыгарып, шаардын көчөлөрүнө бакырайта илишти.

КОРОНАВИРУС. АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 29-сентябрга карата COVID-19 илдети дагы 167 кишиден лабораториялык жол менен жаңы аныкталды. Республикалык штабдын маалыматы боюнча бир күн аралыгында өлүм  катталган жок. Буга чейинки статистикада пандемия башталган март айынан бери вирустун курмандыктары 1064 адамды түздү.

МИНИСТРГЕ СӨГҮШ  БЕРИЛДИ

Бүгүн республикалык штабдын кеңешмеси өтүп, анда премьер-министр Кубатбек Боронов саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн, ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыхановго мамлекеттик сатып алуулар боюнча тийиштүү деңгээлде иш алып барбаганы үчүн сөгүш берди.

ӨМҮР ҮЧҮН КҮРӨШКӨНДӨРГӨ КЕНЕМТЕ БЕРИЛДИ

Ноокат районунун “Барчын” медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимованы Бишкекке алып келүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Ураимова Ноокат районунда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталгандан тарта “кызыл зонада” иштеп, өзү ооруну жуктуруп алган.Министрлик билдиргендей, учурда дарыгерге 200 миң кенемте төлөнүп берилди. Бишкекте стационарлардын биринде ыктыярчы катары иштеп жүрүп көз жумган Адинай Мырзабекованын жакындарына бир миллион сом компенсация төлөнүп берилди.

КОРЕЯДАН КЫРГЫЗДАР КЕЛДИ

Түштүк Кореядан Бишкекке 119 кыргызстандык жана чет элдик жарандар учуп келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул каттам менен жеке коргонуу каражаттардан турган гуманитардык жүк алынып келген.

ЖЭЭНБЕКОВ ВЕНГРИЯГА БАРДЫ

Президент Сооронбай Жээнбеков 28-сентябрда, расмий иш сапары менен Венгрияга барды. Расмий визиттин алкагында Сооронбай Жээнбеков Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Алар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө биргелешкен декларацияга кол коюшту.

ПАРА БЕРГЕН ЧЕК АРАЧЫ КАРМАЛДЫ

Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Маалыматка ылайык, 2020-жылдын сентябрь айында УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшү кызматы жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чаралардын алкагында 40 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын кызматкерине берип жаткан учурунда  Мамлекетик чек ара кызматынын «Кулунду» чек ара заставасынын башчысы 1992-жылы туулган капитан  кармалды.

Количество просмотров: 131