• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Санитардык талаптар күчөйт. Экс-президент туулган күнүндө гүл алуудан баш тартты

18 Баш оона 2020 19:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Акыркы суткада эки адам коронавирустан каза болду. Бул тууралуу коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча түзүлгөн штабдан кабарлашты. Белгилүү болгондой каза болгондордун бири Баткенде катталса экинчи бейтап Бишкекте көз жумду.

СТУДЕНТТЕР ОКУУСУН ОНЛАЙН БАШТАЙТ

Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларында быйылкы жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат. Билим берүү жана илим министрлиги 18-августта билдиргендей, мындай чечим Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды. Окууда «Zoom», «Google classroom», «Whatsapp», «Skype» сыяктуу тиркемелеринин, электрондук почтанын, электрондук китепканалары колдонулат.

САНИТАРДЫК ТАЛАПТАР КҮЧӨТҮЛӨТ

Бишкекте санитардык талаптарды бузуп жана кечки саат 22:00дөн кийин иштеген 20дан ашык кафе-ресторандар, клубдар аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) билдирди. Маалыматка караганда, 15-17-августта баш калаада коронавирус пандемиясына байланыштуу карантин чараларынын сакталышы боюнча рейд өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 20дан ашык кафе-ресторан менен клубга акт жазылып, протокол түзүлдү. Бүгүн республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде санитардык коопсуздук чаралардын аткарылышын көзөмөлгө алуу күчөтү чечими кабыл алынды.

БҮГҮН 4 СТАЦИОНАР ЖАБЫЛАТ

Коронавирус жана пневмония боюнча даттанып кайрылган жарандар азайганына байланыштуу борбор шаардагы төрт стационар жабылат. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей,  18-августтан тартып Жайыл Баатыр көчөсүндөгү «Газпром» ишканасына таандык спорткомплексте ачылган стационар, «Чыгыш-5» кичирайонундагы спорт мектебиндеги, №68 мектеп-гимназияда жана №96 орто мектепте ачылган стационарлар ишин токтотот. Медициналык жабдуулар жана керебеттер зыянсыздандырылып, сактоого коюлат.

ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында уурулукка жана чыгармачылык студиясынын имаратына өрт коюуга шектелген жаран кармалды. Ленин РИИБдин басма сөз кызматы кабарлагандай, 17-августка караган түнү белгисиз адамдар Чүй проспектисинде жайгашкан «Бир-эки» дүкөнүнүн эшигин талкалап, 15 миң сомго бааланган телефон аксессуарларын уурдап кетишкен. Кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1991-жылы туулган Б.В. кармалып, бул факт Жазык кодексиндеги 200-берене (уурулук) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Мындан тышкары кармалган адам Раззаков көчөсүндө жайгашкан «Навигатор Групптун» имаратын өрттөөгө шектелип жатат.

ЧУ КАНАЛЫНА ТҮШҮП КЕТКЕН БАЛАНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкектин Чоң Чүй каналына түшүп кеткен беш жашар баланын сөөгү табылганын 18-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Наристе 10-августта Биринчи май районундагы Патрис Лумумба көчөсүндө каналга түшүп кеткен бойдон дайыны билинбей жаткан. Баланын жакындары Чоң Чүй каналында суу көп болгондуктан издөө иштери кыйын болуп жатканын билдиришкен.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына караганда, баланы издөө иштерине 35 киши тартылган, анын 21и куткаруучулар.

КӨЛӨЧ, БЕТКАП ЧЫГАРГАН ИШКАНАЛАР АЧЫЛДЫ

Кыргызстанда көлөч, тоют, беткап чыгарган ишканалар ачылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында «Кепилдик фонду» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакиров билдирди. Ал «Кепилдик фонду» тарабынан кепилдик берилген айрым ишканалар тууралуу айтып берди. Мындан тышкары,  Абакиров Кара-Балтада болот куйма ишканасы ачылганын жана  коронавируска байланыштуу беткап чыгарган ишканага да кепилдик берилгендигин кошумчалады.

ОТУНБАЕВА ТУУЛГАН КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ГҮЛДӨРДӨН БАШ ТАРТТЫ

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева 23-августтагы туулган күнүндө берилчү гүлдестелерден баш тартарын билдирди. Ушундай өңүттөгү кайрылууну “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунун сайтына жарыялап, гүлгө сарпталчу акчаны коронавируска каршы күрөшкөн медиктерге тартуу кылууну суранды.

Количество просмотров: 425