• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: “Саны бар сапаты жок” өкмөт мүчөлөрү кыскарды. Жээнбеков өлкөдөн чыгып кетти

2 Бирдин айы 2021 19:51 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ  ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ КУРАМЫ БОЮНЧА ОЮН АЙТТЫ

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-февралда «Фейсбуктагы» жеке баракчасы аркылуу кадр маселеси боюнча билдирүү таратты.

Ал революция «өлкө оңолсун, мамлекеттик башкаруу иретке салынсын, казынадан уурдагандар токтосун, ашыкча кызматтар жоюлсун» деп жасалганын белгилеп, «мен революция жасагам, ошол үчүн ушул кызматта өмүр бою отурушум керек, жоюлбасын» деген түшүнүктөн алыс болууга чакырды.

КОМИТЕТ ӨКМӨТТҮН КУРАМЫН ЖАКТЫРДЫ

Бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында Улукбек Марипов баштаган жаңы өкмөттүн курамы, түзүмү жана программасы каралды.

ЖЭЭНБЕКОВ ӨЛКӨДӨН ЧЫГЫП КЕТТИ

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн чыгып кеткени айтылды. Маалымат боюнча, Жээнбеков үй-бүлөсү менен кечээ Кыргызстандан Турцияга “Манас” аба майданынан учуп кеткен. Ал эми экс-президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева Жээнбековдун сапары тууралуу маалымат бер, ал умрага жөнөп кеткенин айтты.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус дагы эки бейтаптын өмүрүн кыйды. Эки учур тең Бишкек шаарында катталды. Саламаттык сактоо министрлигинин 2-февралдагы маалыматына караганда, бир күндө вирус 58 кишиден жаңы аныкталды.

Количество просмотров: 399