• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Секелекти зордуктаган милицияга сот жан тартты. Чуу менен кеткен Абировду парламент кол чабуулар менен узатты

5 Чын куран 2023 18:03 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ НАРЫНГА БАРДЫ

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Куланак” гидроэлектростанциясынын курулушу менен таанышты. “Биздин жергиликтүү инвесторлор биринчи жолу ГЭСтерди кура баштаганына кубанычтамын” деген Жапаров Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикасы боюнча ишке ашырыла элек ири потенциалын эске алуу менен ГЭС куруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Ошондой эле иш сапардын алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы Ат-Башы гидроэлектростанциясын реконструкциялоо долбоорунун расмий аяктоо аземине катышты.

Жапаров өз сөзүндө реконструкциялоо аяктагандан кийин кубаттуулугу 40 МВттан 45,7 МВтка чейин жогорулаарын, анын иштөө мөөнөтү 25 – 40 жылга жетээрин жана бул Ат-Башы ГЭСинин аймак үчүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле ал белгилегендей, 2022-жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнгөн.

Белгилей кетсек, долбоорду ишке ашырууга 25 млн АКШ доллары бөлүнүп, анын жүрүшүндө бардык электромеханикалык жабдууларды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери

АБИРОВ ПАРЛАМЕНТТЕН КЕТТИ

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Жаныбек Абиров мандатын тапшырганына байланыштуу, ЖК депутаттарына ыраазычылык ирээтинде кайрылуу жасады.

Анда ал жаңылып калганын баса белгилеп, болуп өткөн чырдуу окуядан кийин, Жогорку Кеңешти да ыңгайсыз абалга койгонуна кейиди.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз аразы менен тапшырып берген.

Ал шайланып келген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Учурда талапкерлерди каттоо журуп жатат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катышууга ниетин билдирген талапкерлердин саны жетиге жетти.

 “ПИРАМИДА” МЕНЕН “5-КАНАЛДЫН” ЖОЮУЛУШУ

Бүгүн, Жогорку Кеңештин 5-апрелдеги жыйынында депутат Тазабек Икрамов, Пирамида жана 5-каналдар жоюлуп жатканына байланышчуу, ал жакта иштеген кызматкерлерин жумуш менен камсыз кылууну суранды.

Депутат мамлекеттик телеканалды жабуу чечимин Министрлер кабинети кабыл алганын, жумушсуз калган адистерге шарт түзүп берүү керек экенин билдирди.

Кошумчалай кетсек, 4-апрелде Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясаты боюнча комитетинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу “5-канал” жана “Пирамида” телеканалдары банкрот болгондугуна байланыштуу жоюла турганын билдирген.

Ал эми ага чейин  “5-канал” кызматкерлери бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, ондогон жыл тарыхы бар телеканалдын жабылып калуусуна жол бербөө керектигин белгилешкен болчу.

13 ЖАШАР КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛЫШЫ

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку сот 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалган милиция кызматкерлерине өкүм чыгарды. Соттун чечимине ылайык, 6 жылга кесилген милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү 7,5 жылга өзгөрдү. Калган эки айыпталуучуга карата шаардык сот чыгарган чечим күчүндө калды.

Жактоочу Тимур Султанов Жогорку сот 13 жашар кызды зордуктагандарга жумшак өкүм чыгарып койгонуна нааразы болду.

«Балдар укугун коргоочулардын лигасы» коомдук фондунун башчысы Назгүл Турдубекова кордукка кабылган кыздардын укугу тебеленип жатканын айтып, соттун чечимин сындады.

СНХ; Назгүл Турдубекова-«Балдар укугун коргоочулардын лигасы»

Эскерте кетсек, окуя былтыр болгон. Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Быйыл январь айында эки милиция кызматкеринин жаза мөөнөтү кыскартылып, аларга 6 жана 9 жыл берилген. Ага байланыштуу жабырлануучу тарап акыйкаттык издеп Жогорку сотко кайрылган.

ШЕКТҮҮ ЧЕК АРАДАН КАРМАЛДЫ

«Кара-Балта шаарынан адам өлтүрдү» деген шек менен издөөгө алынган жаран Казакстанга качып баратканда кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-апрелде саат 22:40тар чамасында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Кара-Балта шаарынын Коммунист көчөсүндө жайгашкан «Алладин» караоке-кафесинде 27 жаштагы Ж.Ж.И аттуу жарандын сөөгү жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Кылмыш иши козголуп, шектүү издөөгө алынган. Ал бүгүн, 5-апрелде болжол менен түнкү саат 3:00дө кыргыз-казак чек арасындагы «Чалдыбар» пунтктунан өтүп баратканда кармалды. Шектүү Сокулук районунун 32 жаштагы тургуну А. уулу Б. экени аныкталып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 413