• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Шайлоо алдында президент элге кайрылды. Партия үгүтчүлөрү добуш сатып алууга киришти…

2 Тогуздун айы 2020 19:05 Бишкек Govori.TV

ДОБУШ САТУУ-КЫЛМЫШ

Кыргызстанда шайлоочуларды сатып алгандарга, ошол эле кезде добушун саткандарга да жаза каралган. Саналуу күндөн кийин Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. Соцтармактын колдонуучулары «добушуңду сатып алам» дегендер чыгып жатканын жазышууда.

 ЖЭЭНБЕКОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Президент Сооронбай Жээнбековдун пикиринде үгүт иштери жогорку саясий атаандаштыкта өттү. Бул тууралуу өлкө башчысынын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоого байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат.

КАРА-СУУДА ҮГҮТЧҮ КАРМАЛДЫ

Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылында шайлоого аттанган партиялардын биринин агитатору деген адам 313 миң сом акча менен кармалганы тууралуу маалымат тарады.

Ош облустук ички иштер башкармалыгын басма сөз кызматы билдиргендей, акча таратууга шектелген жарандын жанынан беш конвертке бөлүнгөн акча жана аны кимдерге таратуу керек экендиги жазылган тизме табылган.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 2-октябрга карата 215 адамдан коронавирус табылды. Маалыматка ылайык, ооруп жаткан бейтаптардын 154ү айыкты. Каза болгондор катталган жок. Өкмөттөгү онлайн брифингде маалымат берген саламаттык сактоо министринин орун басары  Нурболот Үсөнбаев  Кыргызстанда коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык кырдаал дагы эле курч болуп турганын айтты.

КАРАНТИНДЕН КИЙИН ЖАНДАНГАН АБА КАТТАМДАР

Учурда Кыргызстан Түркия, Казакстан, Өзбекстан, Бириккен Араб Эмираттары, Россия менен аба каттамын жандандырган. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

АГАСЫ ИНИСИН  ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТЕЛҮҮДӨ

Ысык-Ата районунун тургуну бир тууганын өлтүрдү деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-октябрда  Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аталган аймактагы үйлөрдүн биринде кишинин жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө билдирүү түшкөн. Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу жерине барганда, үйдүн ичинде бир нече жолу бычак менен жаракат алган 39 жаштагы жарандын жансыз денеси табылгандыгы маалым болгон.

Количество просмотров: 443