• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Күндүн ыргагы: Шайлоо баштала элек жатып БШКда чыр чыкты. Мамлекттик кызматкер пара менен кармалды

25 Баш оона 202022:15 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС:  АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 25-августта коронавирус жана пневмония дагы 119 адамдан табылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди. Ошол эле учурда министрдин орун басары өлкө аймактарынын ичинен Жалал-Абад жана Баткен облустарында коронавирустун жайылышы дагы эле көп болуп жатканын айтып, жарандарды эреже сактоого чакырды. Бүгүн  коронавирус жугузуп каза болгондор катталган жок. Жалпысынан оорудан көз жумгандар 1057 адамга жеткен. Стационарда 1021, амбулаториялык ыкма менен 4563 бейтап дарыланууда.

«КЫРГЫЗСТАН» ПАРТИЯСЫНЫН ЧУУСУ

Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясыдокумент тапшырган 17 партия жөнүндө маалымат берди. Жыйында жумушчу топ «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин кайтарып берүүнү сунуштады. Мындай чечимди документтерди кабыл алуу боюнча топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов 25-августтагы комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай чечим тиешелүү документтерди партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү алып келбегени менен байланыштуу. 24-августта «Кыргызстан» саясий партиясынын депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин катташ үчүн документ кабыл алуунун мөөнөтүнө байланыштуу чыр чыккан. Документ алып келген өкүлдөрдү каттаган журналда «Кыргызстан» партиясы документ тапшырган убакыт чийилип оңдолуп, 17.59 деп жазылган. Босогодогу  видеобайкоону алып чыкканда документти 18.00дөн кийин алып келгени көрүнгөн. Бирок БШК видеобайкоонун убактысы бир аз алдыда экенин айтып жатат. Журналга партиянын өкүлүнүн колу дагы коюлган эмес.  Ошол себептүү башка партия өкүлдөрү  «Кыргызстан» мыйзам бузганын, бул үчүн атайын баа берилиши керектигин талап кылышууда.

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР  ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Бишкек шаардык мэриясынын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, шектүү А.И. коомдук тамактануучу жайды текшерүү учурунда мыйзам бузуу бар экенин айтып, жайкы эс алуучу аянтчаны бузуу шылтоосу менен анын ээсинен акча талап кылган. 25-августтагы ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү А.И. 50 миң сом алып жатан учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түшүрүлүп, камакка алынды.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 3 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Бишкекте жол кырсыгынан 3 адам каза болду.  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  24-август күнү саат 14:29 чамасында Свердлов районундагы Ч.Валиханов (Чолпон-Ата) жана Шабдан Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде “Субару Легаси” жана “Мерседес Бенц Гигант” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Кырсыктын кесепетинен жеринде 1 эркек киши, ооруканадан 2 киши каза болгон, 2 адам жабыркаган (аты-жөндөрү такталууда).

УЛУКБЕК КОЧКОРОВДУН ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫ ТОКТОТУЛДУ

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти. Өкмөт башчы Кубатбек Боронов кол койгон буйрукка ылайык, Кочкоровдун кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруусу шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду.

ОРОЗАЛИЕВ БИШКЕК МИЛИЦИЯСЫН ЖЕТЕКТЕЙТ

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкек милициясынын башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу ИИМден кабарлашты. Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык ички иштер бөлүмүн буга чейин Канат Жумагазиев жетектеп келген. Бирок ал парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген соң, ордуна шайлоонун жыйынтыктары белгилүү болгонго чейин Алмазбек Орозалиев убактылуу дайындалган. Ошол эле учурда ал министрдин орун басарлык кызматын дагы сактап турат.



Количество просмотров: 189