• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Шайлоо менен референдум бир өтмөй болду. Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз байыганы үчүн камалды

15 Бештин айы 2020 19:07 Бишкек Govori.TV

ШАЙЛОО МЕНЕН РЕФЕРЕНДУМ БИР ӨТӨТ

Бүгүн Бишкекте Борбордук шайлоо комиссиясы “Жарандык платформа” коомдук фонду менен өнөктөштүктө президенттик шайлоонун жүрүшү, шайлоонун ачыктыгы үчүн технологиялар,үгүт өнөктүгүнүн өзгөчөлүктөрү тууралуу коомдук диалог өткөрдү. 10-январда президенттик шайлоо менен катар мамлекеттик башкаруунун формасын тандоо боюнча референдум да өтөт. Ага канча каражат сарпталат? Референдумдун бюллетени кандай болот? Буга БШКНын жетекчисинин орун басары Абдыжапар Бекматов кененирээк түшүндүрмө берди.

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Алдыдагы президенттик шайлоого карата Республикалык штаб менен БШК атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орунбасары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди. Үсөнбаев ошондой эле Кыргызстанда COVID-19 вирусу жуккандарды кабыл алуу үчүн орундар жетиштүү экенин кошумчалады. Белгилей кетсек, 15-декабрга карата дагы 236 адамдан коронавирус илдети аныкталып, төрт киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты. Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардын саны – 1948 киши. Алардын ичинен 86сы өтө оор, 516сы оор, 1322си орто оор абалда жатат. Өлкөдө расмий эсепке ылайык,коронавирус 77 910 кишиге жукту, алардын 1316 каза болуп, 70 867 бейтап айыкты.

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК ЧЕК АРАСЫН ТАКТОО МАСЕЛЕСИ

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын Өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйын өткөрдү.
Кыргыз делегациясын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, делегациянын башчысы Камчыбек Ташиев, өзбек тараптын делегациясын өлкө премьер-министринин кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов жетектөөдө. Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып, Кыргызстан Өзбекстан менен мамлекеттик чек араны юридикалык жактан тариздөөнү тездетүүгө өзгөчө маани берерин белгиледи.

ЖОГОРКУ СОТТУН СУДЬЯСЫ КАРМАЛДЫ

Жогорку соттун судьясы мыйзамсыз баюуга шек саналып колго түштү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) шектүүнүн аты-жөнүн ачыкка чыгарган жок. Айрым маалымат каражаттары ал судья Камил Осмоналиев экенин жазышты. Бул ысым УКМК жарыялаган инициалга дал келүүдө. Шектүү Коррупцияга каршы кызмат топтогон фактылардын негизинде колго түшүп, Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси (Мыйзамсыз баюу) менен сотко чейинки териштирүү башталды.

ПАСПОРТКО КАЙРА УЛУТ ГРАФАСЫ КИРГИЗИЛДИ

Кыргызстандын жарандарынын идентификациялык картасы – ID картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул токтом Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды.

МЭРИЯНЫН АЛДЫНДА КАЙРАДАН МИТИНГ

Бишкек мэриясынын алдында борбор калаадагы баш аламан курулушка каршы акция өттү. Акцияга чыккандар Бишкек шаарынын деталдуу планын жокко чыгарууну талап кылууда. Катышуучулар аталган пландын негизинде Бишкектеги жер аянттары бизнес чөйрөсүнө берилип жатат, ишкерлер көп кабаттуу үйлөрдү курганы менен инфраструктура, шаардын экологиясы унутта калып жатат деп билдиришүүдө. Чогулгандар ошондой эле жаңы курулуп жаткан үйлөр стандартка жооп бербейт деп эсептешип, курулушка уруксат берип жаткан шаар бийлигин жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатышат.

БИШКЕКТЕГИ КАРА ТҮТҮН КӨЙГӨЙҮ

Бүгүн»#БалбакӨчүр» деген демилге менен жарандык активисттер эксперттер, экологдор биргеликте калааны каптаган кара түтүн маселесин көтөрүп, анын жаралуу жагдайларын түшүндүрдү. Демилгечи топ бүгүн журналисттердин катышуусунда пресс-тур уюштурушту. Алардын айтымында Бишкектин үстүндөгү караыштын жаралуусунун бирден бир негизги себеби шаардагы таштанды талаасынын дымып күйүп жатканы. Андан бир гана кара ыш чыкпастан, зыяндуу заттар да бөлүнүп чыгат.

Количество просмотров: 118