• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Шайлоону жылдырган реформа саясий чөйрөнү чочулатты. Депутаттар өз чөнтөгүнөн Ак үйдү оңдойбу?

23 Тогуздун айы 2020 19:38 Бишкек Govori.TV

ШАЙЛООНУ ЖЫЛДЫРГАН РЕФОРМА

Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону токтото туруу жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды. Мыйзам долбоорун 83 депутат колдоп, ага депутат Дастан Бекешев каршы добуш берди. Деген менен парламенттик кайра шайлоо конституциялык реформадан кийин өткөрүлө турганы белгилүү болду. Ал эми шайлоону жылдыруу долбоорунун демилгечилери муну өлкөдөгү оор коомдук-саясий жана экономикалык абал, эпидемиологиялык абал менен негиздеп жатышат. Бирок коомчулукта конституциялык реформага карата чочулоолор жаралууда.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 23-октябрдагы маалыматына караганда, акыркы бир суткада COVID-19 вирусунан жана пневмониядан төрт бейтап каза болду. Алар Бишкек, Ош шаарларында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында катталды.

ЭСКИ АЯНТКА УБУБАЛИЕВДИН ЫСЫМЫ БЕРИЛДИ

Бишкек шаарындагы эски аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу шаардык кеңештин токтомунда жазылат.

Токтомго ылайык, мындай чечим Усубалиевдин 100 жылдык мааракесине карата кабыл алынган.

ДЕПУТАТТАРГА ИШ БӨЛМӨСҮН ӨЗ АКЧАСЫНА ОҢДОО СУНУШТАЛДЫ

ЖК депутаты Марлен Маматалиев Facebook баракчасына билдирүү жазып, депутаттарга Ак үйдөгү иш бөлмөлөрүн өз каражатына оңдоону сунуш кылды.

Эл өкүлүнүн пикиринде, депутаттардын 90 пайызы иш кабинеттерин өз эсебинен оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүгү бар.

МУЗЕЙ БУЮМДАРЫ МЕКЕМЕЛЕРГЕ БЕРИЛБЕЙТ

Музей буюмдарын жана музей коллекцияларын сактоо жана алардын уурдалышынын алдын алуу максатында, мамлекеттик музейлеринин фондунан мекемелердин ички жасалгаларын кооздош үчүн буюмдарды убактылуу пайдаланууга берүүгө жана көргөзмөлөрдү адистештирилбеген мекемелерде өткөрүүгө тыюу салынат.

БИЛИМ БЕРҮҮДӨГҮ МЫЙЗАМ БУЗУУ АНЫКТАЛДЫ

Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгы тарабынан мамлекеттик сатып алууларды тийиштүү тендер өткөрбөстөн жүргүзүп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан кабарланды.

Количество просмотров: 860