• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Шайлоону жылдыруу сунушталды. Президент элге кайрылды

9 Теке 2020 18:17 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда 9-июлга карата коронавирус жуктурган дагы 361 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы ооругандардын саны 8847 кишиге жетти.

ПРЕЗИДЕНТ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-июлда элге кайрылуу жасады. Анда мамлекет башчы эл арасында «бийликтегилер эл аралык финансы уюмдарынан келген жардамды жеп койду» деген дооматтар көбөйүп жатканын белгилеп, өкмөт бул боюнча ачык жооп берерин билдирген. Мамлекет башчы азыркы кырдаалдагы маселелердин чечилиши жеке өзүнүн жана Коопсуздук кеңештин көзөмөлүндө экенин эскерткен. Мындан тышкары Жээнбеков коронавирус илдетинин кесепетинен ондогон адамдардын өмүрү кыйылганын айтып, алардын аза кайгысын тең бөлүшөөрүн билдирген.

ОБЛУСТАРГА ЧЕКТӨӨЛӨР КИРГИЗИЛЕ БАШТАДЫ

Талас облусу эки жумага жабылды. Облус жетекчилиги мындай чечимин коронавирустун жайылышынын алдын алуу максаты менен түшүндүрүүдө. Ошол эле учурда Баткен облусуна дагы COVID-19 жана пневмонияга байланыштуу бир катар чектөөлөр киргизилип, 10-июлдан тарта Баткен облусу менен Бишкек, Ош шаарлары жана башка облустар ортосундагы коомдук транспорттордун жана такси кызматынын каттамы токтотула турганы белгилүү болду. Бул арада Ысык-Көлдө 10 күндүк обочолонуу акциясы өткөрүү сунушун жергиликтүү калк көтөрдү.

ИЗОЛЯЦИЯГА АЛЫНДЫ

БШК өзүн-өзү изоляциялоо абалын кабыл алды. Аппараттын дагы жети кызматкеринен коронавирус аныкталды. Маалыматка ылайык, ооругандардан пневмония илдети аныкталган. Кызматкерлердин 80 пайызы үйдөн иштешет. Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйындары ZOOM тиркемеси аркылуу видеоконференция форматында өтөт.
Буга чейин комиссиянын орун басары Акылбек Эшимовдон коронавирус аныкталганы белгилүү болгон.

ШАЙЛООНУ ЖЫЛДЫРУУ СУНУШТАЛДЫ

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко күздө өтчү парламенттик шайлоону кийинкиге калтырууну сунуштап, бийликке кайрылды. Депутат  Жанар Акаев дагы пандемиянын ушундай оор шартында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоону өткөрүү орунсуз деп эсептейт.

АТАМБАЕВ ООРУКАНАДАН АБАККА КОТОРУЛДУ

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев пневмония оорусунан айыкты. Бул тууралуу бүгүн, 9-июлда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Атамбаевдин абалы канааттандырарлык. “Дарыгерлердин кеңешмесинин жыйынтыгы менен Атамбаевди УКМКнын убактылуу кармоочу жайына которуу чечими кабыл алынды. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө”, – деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 434