• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ширшовду жандаган министрлердин сүрөтү талкууда. Аткаминерлер кылмыштуу топторду каржылап жатабы?

16 Үчтүн айы 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ АБАЛ

Кыргызстанда электр энергиянын суткалык керектөөсү максимумга жетти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов билдирди. Жакыпов жарандарды электр энергияны үнөмдөөгө чакырды. Эскерте кетсек, буга чейинки кышкы электр энергиянын суткалык керектөөсүнүн рекорду 2021-жылдын 6-январында катталган. Анда керектөө 73 млн кВт саатты түзгөн.

ШИРШОВ МЕНЕН МИНИСТРЛЕРДИН СҮРӨТҮ ТАЛКУУДА

Социалдык тармактарга “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов, Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин сүрөтү жарыяланып, кызуу талкууга жем таштады. Сүрөт качан жана кайсы жерде тартылганы азырынча белгисиз. Бүгүн маалымат жыйында энергетка министрдин орун басарына тарап жаткан Ширшов менен министр Ибраевдин сүрөтү боюнча суроо берилди. Жакыпов башка комментарий берген жок. Ал эми Санариптик өнүктүрүү министрлиги бул боюнча үн ката элек.

ОШТОГУ РЕЗОНАНСТУУ ОКУЯ

Бүгүн, 16-январда ички иштер министрлиги Ош шаарындагы оор кылмышка байланыштуу адам өлтүрүүгө айыпталып төрт адам кармалганын билдирип, каза болгон жаран тууралуу кененирээк маалымат берди. Абдиев кошумчалагандай, Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү турат. 2022-жылы ар кандай кылмыштуулук боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган. Айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жаткан тууралуу маалымат бар экени айтылды. 13-январда Ош шаарында белгисиз адамдар тобу бир кишини арматура менен аеосуз сабап кеткени тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты. Милиция Ош шаарында белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткенин, натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөнүн кабарлаган. Ыкчам издөө иштердин жүрүшүндө өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалып, 2 айга камалды. ИИМдин маалыматына караганда, издөө жарыяланган эки адам Чүйдө кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан маалда, дагы бир жаран — Нурбек Чубаков Ош облусунун аймагынан колго түшкөн.

ЖАШ КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛЫШЫ

Бүгүн, 16-январда жогорку сотто буга чейин 13 жашар кызды зордуктаган милиция кызматкерлеринин жазасы жеңилдетилип калгандыгына байланыштуу маалымат жыйын өткөрүлдү. Бишкек шаардык соту Свердлов райондук сотунун 2022-жылдын 30-августундагы шектүүлөргө карата чечимин өзгөрттү. Бул боюнча Свердлов райондук сотунун чечимине нааразы болуп, шаардык сотко апелляциялык сунуш түшкөн. Эске салсак, 12-январда Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган үч адамдын ишин апелляциялык тартипте карап, өкүм чыгарган. 13 жашар наристени зордуктоого байланыштуу кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт киши — эки милиция кызматкери жана эки жаран соттолгон. Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга абакка кескен. Дагы бир адамдын иши өзүнчө каралып, Биринчи май райондук соту тарабынан тогуз жылга кесилген.

7 ЖАШАР КЫЗ ООРУКАНАДА КӨЗ ЖУМДУ

Чүйдө жети жашар кыз ооруканада каза болгон окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматта айтылгандай, окуя 14-январда Кара-Балтадагы ооруканада болгон, 2016-жылы туулган наристеге дем алуу органдарына байланыштуу диагноз коюлган: “Бронхопневмония, дем алуу кемтиги деген диагноз коюлган. Бул боюнча Жайыл райондук ички иштер башкармалыгында териштирүү башталды, соттук-медициналык экспертиза дайындалды”, деп айтылат маалыматта. Ал эми интернетте тарап жаткан маалыматтарга караганда, кыз ооруканага тамактануусунун начардыгынан өтө оор абалда түшкөн.

Количество просмотров: 1338