• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Өспүрүмдү кордогондордун жазасы кыскарган. Мыйзамсыз иштеген казино аныкталды

22 Жалган куран 2023 18:00 Бишкек Govori.TV

ӨСПҮРҮМДҮН КЕЛЕЧЕГИН ТАЛКАЛАГАН ӨКМӨТТҮН ТАМЕКИ ТУУРАЛУУ ЧЕЧИМИ

Жогорку Кеңеш тамеки заттарынын бардык түрүнө аксиздик төлөмдү жогорулатып, анын ичинен айкос (eaikos) түрүндөгү ысытылган тамекиникин төмөндөтүүнү талкуулады. Жыйындын жүрүшүндө тамекинин бул түрүнө аксиздик наркты төмөндөтүү мамлекетке зыян алып келээрин белгилеген Дастан Бекешевдин бардыгына бирдей көтөрүлсүн деген сунушу өткөн жок. Мындан Дастан Бекешев бул жагдай боюнча өзнүн социалык баракчасына билдирүү жазды.

«Бир кесиптешиме барганда айкос тамеки компаниясынын өкүлү көптөгөн депутаттарга кызыктуу сунуштар менен келгенин билдим. Эмнени талкуулап жатышканын билбейм, бирок мага компаниянын өкүлү да келип, «пряники» убады кылды. Мен ошондо ачык айттым, салыктарды кыскартуу акылга сыйбайт, анткени бул нан эмес жана эң керектүү продукту эмес».

ЗИЛАЛИЕВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкектеги СИЗО-1 мекемесине киргизилди. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, Биринчи май райондук сотунун 17-мартындагы токтомуна ылайык, айыпталуучу 15-майга чейин камакта болот.

Эске салсак, УКМК Зилалиевдин кармалганын 15-мартта кабарлаган. Атайы кызматтын маалыматы боюнча, ал 2017-жылы аталган комитетти башкарып турганда ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча алганы аныкталган, бирок Зилалиев айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акчасын кайтарып берген эмес.

Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп турган. 2017-жылы август айында өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министри болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп барган.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде иш козголгон.

Ал эми 2020-жылы Башкы прокуратура Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Биринчи Май райондук соту Зилалиевди күнөөлүү деп таап, жети жылга кескен. 2022-жылы январда Зилалиев үй камагына чыккан.

ДАРЫГЕР КАМАКТА КАЛДЫ

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев эки айга камалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун чечимине ылайык, ал 15-майга чейин абакта болот.

Эске салсак, Башкы дарыгер 16-мартта Улуттук госпиталдагы жемкордук түзүмүнө шектелип кармалган. Улуттук госпиталдын башкы дарыгеринин милдетин убактылуу Улук Кулукеев аткарып жатат.

ЖАШ КЫЗДЫН ЗОРДУКТАЛЫШЫ

Мындан туура бир жыл мурун 13 жаштагы кызды зордуктоого шектүүлөр кармалган. Кылмышка милициянын эки кызматкери жана «Дордой» базарынын кароолчусу айыпталууда. Райондук сот эки милиция кызматкерди 15, ал эми базар кызматкерин 10 жылга кескен. Кийин Бишкек шаарыдк сотунун коллегиясы Мирад Динеевдин төрагалыгы алдында айыпталуучулардын жазасын жеңилдетип, жаза өтөө мөөнөтүн 6 жана 9 жылга кыскартты. Кыздын жакындары Жогорку сот дагы жазаны жеңилдетип коюшу мүмкүн деп кооптонууда.

КАЗИНОНУН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ БӨГӨТТӨЛДҮ

Жалал-Абад облусунда жашыруун казино ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин (Мыйзамсыз ишкердик) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад шаарында жана облустун Сузак районунда компьютердик клубдарга жамынып иштеп жаткан мыйзамсыз оюн-зоок жайлардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

2023-жылдын 17-мартында бул көмүскө оюн-зоок жайлардын айрым уюштуруучулары жана администраторлору кармалды, бул жайлардын ар биринин ай сайын акча жүгүртүүсү бир миллион сомдон ашык болгон. Аталган жашыруун жайлардын кассаларынан бир күндүк мыйзамсыз аракеттерден түшкөн 200 (эки жүз) миң сомдон ашык акча каражаты табылган. Ошондой эле, оюн автоматтарынын ролун аткарган тиешелүү программалык камсыздоосу менен камтылган жалпысынан 40ка жакын компьютер алынды.

Муну менен катар ал жайлардын 30 кардары да ал жерде болуу жагдайларын тактоо үчүн кармалды. Кармалган жарандар менен аталган мекемелердин иштери мыйзамсыз экени боюнча профилактикалык түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү.

Учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү салыктык текшерүүлөр жана экспертизалар дайындалды.  Тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 150