• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Күндүн ыргагы: Спикер мыйзам бузууга бардыбы? Бишкекте куралчандар кармалды

16 Аяк оона 2020 18:08 Бишкек Govori.TV

СПИКЕР МЫЙЗАМ БУЗДУБУ?

Шайлоого аттанган төрага Дастанбек Жумабеков жаңы төрөгөн келинге 50 миң сом сүйүнчү берип жаткан сүрөттөр интернетте жарыяланып, бир күндөн соң соцтармактардан өчүрүлгөн. Ал эми бул окуя коомчулукта талкууга алынып, үгүт маалында мындай кадамдар тууралыгы ача кептерди жараткан. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын пикири кандай кененирээк кийинки материалда.

ЧОЛПОНБАЕВ КАМАККА АЛЫНДЫ

Мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Чолпонбаев 15-сентябрда «шалаакылык» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип кармалган. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдиргендей, Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчи адамдары өздөрүнүн кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып, элдин жана мамлекеттин кызыкчылыгына каршы консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө келишим түзүшкөндүгү аныкталды. Ал мамлекеттик бюджетке 9 миллион сомго жакын суммада зыян келтирген.

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 16-сентябрга карата 73 адамдан коронавирус табылды. Ооругандардын арасынан 107 бейтап айыкты. Каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу бүгүн брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди. Илдетке каршы республикалык штабдын маалыматына ылайык, өлкөдө COVID-19 вирусуна чалдыккандардын жалпы саны 45 072 кишиге жетти.

УЮШКАН КЫЛМЫШТУУ ТОП КАРМАЛДЫ

Бишкек шаарында уюшма кылмыштуу топтун 20 жаштан 35 жашка чейинки курактагы жети өкүлү курал-жарактар менен кармалды. Алардын үчөө Ички иштер министрлигинде уюшма топтун мүчөсү катары каттоодо турары белгилүү болду.  Криминалдык милициянын Бишкек шаардык кызматынын башчысы Улан Айтбаевдин айтымында, бул факт боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатат.

КАРА-КЕЧЕГЕ БАРЧУ ЖАҢЫ ЖОЛ КУРУЛАТ

Кара-Кече капчыгайында көмүр кенине баруучу жаңы жол курулат. Себеби Дыйкан–Кара-Кече жолуна түшкөн жер көчкүнү тазалоо мүмкүн эмес. Мындай чечимди жер көчкүнүн кесепеттерин изилдеген комиссия чыгарды.  Транспорт жана жол министрлиги билдиргендей, жолдун бир тарабын курууга 10-12 күн кетет. Бирок бул участок таштак, кээ бир жерлерине техниканын жетиши кыйын. Курулуш иштери бүгүн, 16-сентябрда эртең менен башталган.

КАРЫЗЫ БАР АБОНЕНТТЕРДИН ЖАРЫГЫ ӨЧҮРҮЛӨТ

 17-сентябрдан тарта карызы бар батирлердин жарыгы өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу  «Түндүк электр» ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жарандар карызынан кутулгандан кийин гана кайра жарык берилери белгиленген.

Количество просмотров: 962