• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Суу тартыштыгы Жогорку Кеңешке маселе эмес… Депутаттар пара алууга шектелүүдө

7 Кулжа 2023 19:55 Бишкек Govori.TV

КАТАР ЭМИРИНИН САПАРЫ…

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Танинин Кыргызстандагы сапарынын алкагында өз ара алака-катышты өнүктүрүүгө багытталган 13 документке кол коюлду. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Алардын арасында кыргыз-катар өкмөттөрүнүн аскердик тармакта кызматташуусу жөнүндө макулдашуусу жана башка өкмөттөрүнүн саламаттык сактоо, медициналык илим чөйрөсү, айыл чарба багытындагы кызматташуу өңдүү документтер бар.

Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга 6-июнда келген. Садыр Жапаров аны менен 7-июнда жолугуп, эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Андан соң президент Жапаров Катардын эмирин “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында уюштурулган этномаданий программа менен тааныштырды.

Эки өлкөнүн дипломатиялык алака-катышына быйыл 25 жыл толду.

СУУ ТАРТЫШТЫК МАСЕЛЕСИ ЖКДА КӨТӨРҮЛДҮ

Депутаттар Бишкектеги суу тартыштыгы боюнча маселе көтөрүшүп, мэрдин маалыматын угууну талап кылышты. Депутат Дастан Бекешев Бишкекте учурдагы эң чоң маселе суу болуп, ал үч жумадан бери айтылганы менен мэрия алгылыктуу иш кылбай жатканын сынга алса, эл өкүлү Улан Примов суу башында туруп, тартыш болгону чоң маселе экенин белгиледи.

Ал эми Максат Сарбагышев Бишкектеги суу тартыштыгын чечүү үчүн унаа жуучу жайларды жабуу маселеси көтөрүлүп жатканын белгилеп, толук маалымат берүүнү талап кылды. Депутаттын айтымында мэрия башка жолдорду да ойлонуп, сунуш кылуусу керек болчу, себеби бул маселеден улам айрым адамдар жумушсуз калууда.

Ал эми төрага Нурланбек Шакиев депутаттардын талаптарына жооп берип жатып, Бишкектин суу көйгөйүн парламент жыйынында кароонун маанисин көрбөй турганын билдирди.

Эске салсак, 3-июнда суунун кескин тартыштыгына байланыштуу мэрдин орун басары Жыргалбек Шамыралиев тиешелүү кызматтар менен биргеликте рейд жүргүзгөн. Анын натыйжасында айрым мончо жана унаа жуучу жайлар убактылуу жабылган. Вице-мэр Шамыралиев бүгүнкү күндө калк сууну сарамжалдуу пайдаланса, анда абал турукташа турганын билдирип, бир айдын аралыгында борбордогу унаа жуучу жайларга, мончолорго жана бассейндерге суу колдонууда киргизилген чектөөлөр алына турганын айтты.

БАЛДАРДЫ ТЕРС МААЛЫМАТТАН КОРГОО МЫЙЗАМЫ

Бүгүн, 7-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жамиля Исаева «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине жана «Массалык маалымат каражаттары жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, парламентте биринчи окууда талкууланды. Исаева турмуштук тажрыйбасынын жоктугунан, бала компьютер оюндары, уюлдук байланыш, жарнама, интернет тармагы аркылуу башкаларга караганда көбүрөөк таасирге кабылып жатканын билдирди. Ал кошумчалагандай сунушталган мыйзам долбоору маалымат-коммуникациялык тармактарында балдардын маалымат коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүүгө багытталган.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев ата-эненин балдарды тарбиялоодогу, жаман маалыматты жакшы менен ажырата билүүнү үйрөтүүдөгү жоопкерчилигин эске салып, ошону менен бирге эл өкүлү ишке ашыруунун так механизми жок демилгелер цензурага, коомдун деградациясына алып келиши мүмкүн экенин билдирген.

Ал эми депутат Шайлообек Атазов, Балбак Түлөбаев, Айбек Осмоновдор да мыйзам долбоорун колдоп, азыркы заманда ыкчам кадамдарды талап кылган коркунучтар көп экенин айтышты.

Мындан соң кайрадан депутат Дастан Бекешев сөз алып, кесиптештерине кайрылуу жасап, бири-биринин сөзүнө комментарий берүүдөн алыс болууга чакырды.

Ал эми депутат Жанар Акаев мыйзам менен тыюу салуу жакшы эмес экенин белгилеп, анын ордуна альтернатива сунуштоо зарыл экенин айтты. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин 7-июндагы жыйынында балдардын ден соолугуна зыян келтирүүчү маалыматтардан коргоого багытталган мыйзам долбоору талкууланган учурда билдирди.

Кошумчалай кетсек, жыйынтыгында мыйзам долбооруна добуш берилип, биринчи окууда кабыл алынды. Мыйзам кабыл алынса, балдардын ден соолугуна зыян келтирген маалыматтарды, алсак зомбулук, катаал мамиле, маңзат, тамеки, уят сөздөрдү жана порнографиялык мүнөздөгү материалдарды тараткандарга кылмыштын курамы жок болгон учурда 2 миң сомдон 25 миң сомго чейин айып салынат. Буга ушул багытта жазган массалык маалымат каражаттары, социалдык тармактардагы пикирлер дагы кириши ыктымал. 

ДЕПУТАТТАР ПАРА АЛУУГА АЙЫПТАЛУУДА

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин эки депутаты пара алууга шек саналып кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-майда шаардык кеңештин төрагасынын орун басары менен депутат 25 миң сом алып жаткан жеринен колго түшкөн.

«Алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисин ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгарын айтып коркутуп, акча талап кылганы аныкталган. Бул аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголуп, айып тагылган. Соттун чечими менен бул депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына эки айга камакка алынып, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат»,-деп айтылат маалыматта.

АБАКТАН КАЧКАН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги маалымдагандай, бир катар оор кылмыштарга шектүү, Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен Кушубек Сабыров кармалды. ИИМдин басма сөз кызматы шектүү 6-июнь күнү Бишкек шаарынан кармалганын тактады. 29 жаштагы Кушубек Сабыров 5-июнга караган түнү Ысык-Ата милициясынын убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен.

Милиция маалыматында, кылмышка шектүү саламаттыгы жакшы болбой жатканын айтып, нөөмөтчү кызматкерге кайрылып, жардам сураган. Милициянын сержанты кармоочу жайдын камерасынын эшигин ачып, өзүнчө бөлмөгө алып кирген. Сабыров жүрөгү ооруганын айтып дары сурап, дары алып келген милиция кызматкерине бычак такаганы, колуна кишен салып, бутун байлап, оозун таңып качып кеткени айтылган.

Бул окуяга байланыштуу 6-июнда Башкы прокуратура Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерин кармаганы кабарланды. Ысык-Ата районунун прокуратурасы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Шалаакылык” беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Количество просмотров: 234