• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Ташиев абактагы саясатчыларды зекиди. Жапаров мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

12 Аяк оона 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

ПРЕЗИДЕНТ СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

Президент Садыр Жапаров бир катар кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө байланыштуу мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты.

Президенттин колунан мамлекеттик сыйлык алгандардын арасында Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары да бар. Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев «Даңк» ордени менен сыйланды. Ал эми депутаттар Гүлкан Молдобекова, Данияр Төлөнов «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер» деген ардактуу наам алышса, депутат  Балбак Түлөбаев менен Лейла Лурова Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

ТАШИЕВ АБАКТЫН АБАЛЫНА НААРАЗЫ БОЛГОНДОРГО ЖООП БЕРДИ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев абак жайлардын шартына нааразылыгын билдирген айрым саясатчыларга жооп берди. Ал 11-сентябрда Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып, түрмө мыйзам бузгандарды тарбиялоо үчүн курулганын айтты.

Сентябрь айынын башында Жазаларды аткаруу кызматы “Кемпир-Абад иши” боюнча абакта отурган Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровду №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которгону маалым болгон. Саясатчылар алар жайгашкан камералар суук, сыз жана санитардык абалы начар экенин билдирип, эл аралык уюмдарга, Акыйкатчы институтуна, Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборго жана укук коргоочуларга кайрылышкан жана бул кыйноонун бир түрү экенин белгилешкен.
«Кемпирабадчылар» мындай мыйзамга каршы иш-аракеттер УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин буйругу менен болуп жатканын айткан.
Жазаларды аткаруу кызматы кыйноолор тууралуу маалыматты четке кагып, абактагылар мыйзамда белгиленген тартипте кармалып турганын билдирген.

ТЕМИРОВДУН ИШИ: ЖОГОРКУ СОТ ӨКҮМДҮ ӨЗГӨРТКӨН ЖОК

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку сотто иликтөөчү журналист Болот Темировду өлкөдөн чыгарууга негиз болгон сот чечиминин мыйзамдуулугу каралып, өзгөртүүсүз калтырылды.

Жактоочу быйыл июль айында Жогорку сотко кассациялык даттануу арызы менен кайрылган.

Эске салсак, өткөн жылдын ноябрь айында Бишкектин Свердлов райондук соту Темировду маңзат жана чек арадан мыйзамсыз өтүү деген айыптар боюнча актап, документке (паспорт) байланыштуу айыптуу деп тапкандан кийин ал дароо Кыргызстандан Москвага мажбурлап жөнөтүлгөн.

Ички иштер министрлиги Темировдун депортацияланышын «Анын Кыргызстандан мыйзамсыз алган паспорту жараксыз деп табылганы, Орусиянын жараны болгону үчүн чыгарылды» деп түшүндүргөн. Өзү мындай чечим мыйзамсыз экенин айтып келет.

АБДЫКЕРИМОВ СЫРТЫНАН КАМАККА АЛЫНДЫ

«АЮ Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов сыртынан камакка алынды. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунан тастыкташты.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2023-жылдын 8-сентябрындагы чечими менен айыпталуучу А.Ш.Ш. сыртынан камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы колдонулган.

2023-жылдын апрель айында чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 240-беренеси «Алкоголдук жана алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү» боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында үч адам кармалган.

Президент Садыр Жапаров 14-апрелде «Кабар» агенттигине маек куруп жатып, «Аю» компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өткөнүн жарыялаган. Президенттин маалыматына караганда, «Аю» компаниясы «кустуруу» кампаниясынын курмандыгы болгон жок, ишкана мамлекетке миллиондогон сом салыктарды төлөбөй келген.

«АЮ Холдинг» 2003-жылы негизделген. Холдингге бир канча белгилүү компания кирет. Анын ээси Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Шаршенбек Абдыкеримов.

КЫЗАМЫК-КЫЗЫЛЧА ВАКЦИНАСЫ КЕЛДИ

Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстанга кызамык-кызылча вакцинасынын 755 миң 500 дозасы келди. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргызстандагы БДСУ, ЮНИСЕФ жана УКАК өкүлдөрү катышты.

Бул вакцина менен оорунун чыгышына жооп катары иммунизация жүргүзүүнүн алкагында 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар эмделмекчи.

Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо кампаниясы 18-сентябрда Бишкек, Ош шаарларында, Чүй жана Ош облустарында башталып, 29-сентябрга чейин уланат.

Белгилей кетсек, өткөн аптада Республикалык иммунопрофилактика борбору Кыргызстанда кызамык оорусунун азайганы байкалып жатканын билдирген. Маалыматка караганда, жыл башынан бери кызамык 1982 адамга жуккан. Анын 147си чоңдор, 1835и балдар, анын ичинен 1454 учур төрт жашка чейинки балдар арасында катталган.

Количество просмотров: 174