• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Күндүн ыргагы: Ташиев «караларга» кайра эскертүү берди. Эки мөңгүгө араб шейхтеринин ысымы берилет

5 Тогуздун айы 2023 18:41 Бишкек Govori.TV

КӨЛБАЕВДИН ӨЛҮМҮ: ТАШИЕВ ЭСКЕРТҮҮ БЕРДИ

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев уюшкан кылмыш топторунун өкулдөрунө кайрылуу жасап, аларга эскертүү берди. Ал 5-октябрда Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолуп, жаңыланган имаратын ачып жатып, өлкөдө мындан «мыйзамдагы уурулар» болбосун айтып, жаңы лидер шайлоого, топ түзүүгө аракет кылгандар катуу жазаланарын билдирди.

Белгилей кетсек, кечээ, 4-октябрда Бишкектеги Учкун басмаканасынын жанындагы Blonder pub эс алуу жайында кримтөбөлдү кармоо операциясы жүргөн. Анда Көлбаев куралдуу каршылык көрсөтүп, жок кылынганын УКМКдан кабарлашкан.

Бул окуядан кийин уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү маселеси күн тартибине чыкты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев укуктуу мамлекетте кылмыштуу топтун өкүлдөрү  өлкөнүн саясатына аралашпосу керек.

Кошумчалай кетсек атайын Көлбаевди кармоо операциясы өзгөчө ири өлчөмдө ишкерлердин мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катыштыгы бар деген жарандардын арыздарына байланыштуу жүргөнүн маалымдаган. Көлбаев бүгүн, 5-октябрда Чолпон-Атада жерге берилди.

2 МӨҢГҮГӨ АРАБ ШЕЙХТЕРИНИН ЫСЫМЫ БЕРИЛЕТ

Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген  Ысык-Көлдөгү Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти. Андан сырткары,  Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.

НАНДЫН БААСЫ КӨЗӨМӨЛДӨНӨТ

Кыргызстанда нандын баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мындай буйрук социалдык жактан маанилүү өнүм болгон нан жана дан азыктарынын баасынын кымбаттап кетишине жол бербөө үчүн Министрлер кабинетинин 8-сентябрдагы токтомуна ылайык, Монополияны жөнгө салуу кызмвтынын кайрылуусунун негизинде кабыл алынган.

Өткөн айда Жогорку Кеңеште бир катар депутаттар нандын кымбатташы тууралуу маселе көтөрүп, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырган.
Анда Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү жагдайды казак унунун баасы көтөрүлгөнү, коңшу мамлекеттен келген ундун көлөмү азайганы менен түшүндүргөн. Бул арада Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ун-нан кымбаттаганы тууралуу маалыматты жокко чыгарган.

ЛИФТ КУЛАП, 1 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Ош шаарында лифт аварияга учурап ичиндеги адам каза болду. Билдирмеге караганда, кырсык жаңы эле курулуп бүткөн көп кабаттуу үйдө болгон.

Көп кабаттуу үйдүн лифти ылдый катуу түшүп, ичинде бир адам калып калган. Кырсык болгон жерге милиция барып, лифттин ичинен эркек кишинин сөөгүн тапты. Тергөөнүн жүрүшүндө анын Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну экени аныкталган. Көз жумган киши ошол үйдү курган компания менен келишимдик негизде эки айдан бери лифт оңдоп иштеп жүргөн. Маркумдун артында үч баласы калды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Количество просмотров: 1508